44. Ад-Духан
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Хаа. Мийм
2Анык баяндоочу Китепке ант
3Бизаны (Кураанды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз
4Алтүндө ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет.”
5Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз
6Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү
7(Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси
8Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси
9Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда
10Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт
11Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат
12(Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет)
13Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген
14(Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Кураан сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң»- дешти
15Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар
16(Анан) чоң азап менен азапталган күнү? Биз силерден өч алдык
17Биз алардан мурун Фираун элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди
18(Жана мындай деди): «Аллаһтын пенделерин мага тапшыргыла!? Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын
19Өзүңөрдү Аллаһтан жогору койбогула! Мен силерге анык далилдерди алып келдим
20Мени ташбараң кылууңардан коргоо тилеп өзүмдүн жана силердин Раббиңерге жалбарамын
21Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула»
22Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)»- деп дуба кылды
23(Аллаһ анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат»- деп, (вахий кылды). (Фираун аларга жетейин деп калганда Аллай Таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деӊизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн аса таягын саздап калганда, Аллай Таала, алардын артынан келген Фираун аскерлерин деӊиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага)
24«Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» - деди
25Алар нечендеген бактарды, булактарды
26Эгиндерди, эң мыкты үй-жайларды
27Жана ойноп-чардаган (башка көп) нээматтарды (ээсиз калтырып чөгүп кетишти)
28Ошентип, Биз аларды башка коомго (Исрайил урпактарына) мурастап бердик
29Аларга асман да, жер да ыйлаган жок! Аларга мөөнөт да берилген жок
30Биз Исрайил урпактарын кордук (кулчулук) азабынан —
31— Фираундан куткардык. Ал өзүн (Аллаһтан да) бийик сезген, чектен чыккан адамдардан эле
32Биз билген абалда аларды (Исрайил урпактарын) ааламдардан (адамдардан) тандап алган элек
33Жана аларга анык сыноолорду? ичине камтыган моожизаларды бердик
34Алар (Курайш каапырлары) айтышты
35«Биринчи өлүмүбүздөн башка өлүм (биринчи жашообуздан башка жашоо) жок. Биз (эч качан) кайра тирилбейбиз
36Эгер силер (о, момундар) чынчыл болсоңор,? биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!»
37Ушулар (Макка мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба* коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле
38Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок
39Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт
40Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы
41Ал күндө дос (өзүнүн) досуна эч нерсени жардам бере албайт жана өздөрү да (эч кимден) жардам ала албайт
42Бир гана Аллаһ ырайым кылган кишилерге (Аллаһ тарабынан жардам берилет). Ал Кудуреттүү жана Ырайымдуу
43(Тозоктогу) «Заккум» дарагы —
44Күнөөкөр адамдардын тамагы
45Ал курсактарда кайнаган ириң (же зайтун майы) сыяктуу
46Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу
47«Аны (күнөөкөр адамды) кармагыла (жана) тозоктун ортосуна сүйрөгүлө!»
48Кийин башынан ылдый кайнак суу азабын куйгула!»
49(Эй, кылмышкер, мушрик! Азабыңды) тарт! Сен «улук-урматтуу» эмес белең
50Бул— силер ишенбеген азаптар
51Ал эми, такыбаа кишилер тынч-бейпил жерлерде
52Бейиштерде, булактарда
53«Истабрак» жана «сундус» (деген) жибек кийимдерден кийип, бет-маңдай (сүйлөшүп) отурушат
54Ошондой эле, Биз аларды бото көз сулууларга үйлөнтүп койобуз
55Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат
56Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллаһ) аларды тозок азабынан сактаган
57(Бул) — Раббиңден болгон пазилет! Бул — чоң жеңиш
58(О, Мухаммад!) Биз аны (Кураанды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук
59Эми сен (Аллаһ алардын жазасын беришин) күт. Алар да (сага бир зыян келишин) күтүшүүдө
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath