Ислам
артка

42. Аш-Шура

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Хаа, Мийм

2Айн, Сийн, Кааф

3Кудуреттүү, Даанышман Аллаһ сага жана сенден мурунку пайгамбарларга мына ушинтип вахий түшүрөт

4Асмандардагы жана жердегинин бардыгы Ага таандык. Ал-эң Жогорку, эң Улук

5(Мушрик коомдун ширк күнөөсүнүн оорлугу себептүү) үстүндөгү асмандар жарылып кеткидей болууда! Периштелер Раббисин мактап, Ага тасбих айтышууда жана жердеги пенделердин күнөөсүн кечирүүнү сурап жалбарышууда! Көңүл бургула, чынында Аллаһ(тын) бир Өзү гана Кечиримдүү, Ырайымдуу

6Аллаһтан башка «кудайларды» өздөрүнө башчы кылып алган мушриктерди(н иштерин) Аллаһ сактоочу (жана Кыяматта ошого жараша жазалоочу). (О, Мухаммад), сен аларга өкүл-кароолчу эмессиң

7Биз сага Уммул Курааны(н элин)! жана анын айланасындагы элдерди, шексиз, күмөнсүз Чогулуш Күндөн (Кыяматтан) эскертишиң үчүн араб тилиндеги Кураанды вахий кылдык. (Ошол күнү адамдардын) бир бөлүгү Бейиште, бир бөлүгү тозокто (болушат)

8Эгер Аллаһ кааласа бардыгын бир (диндеги) эл кылып коймок. Бирок, (даанышмандыгы менен) каалаган пендесин Өз ырайымына (динине) киргизет. Заалымдарга болсо, эч бир дос-башчы, эч бир жардамчы жок

9Же алар Аллаһдан башка «кудайларды» башчы кылышабы? (Адамга чыныгы) башчы - бул Аллаһ! Ал өлүктөрдү тирилтет! Ал- бардык нерсеге Кудуреттүү

10Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү- Аллаһка! Ушул Аллаһ менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын

11(Аллаһ-) асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Ал силерге өзүңөрдөн жуп-түгөй жаратты. Жана Ал айбанаттардан да жуп-тарды жаратты. Силерди ошол (жуп-жубайлык) боюнча өндүрүп-өстүрөт. Ага (Аллаһка) эч нерсе окшобойт. Ал - Угуучу, Көрүүчү

12Асмандардын жана жер (казынасынын) ачкычтары бир Өзүнүн колунда. Каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал бардык нерсени Билүүчү

13Ал силерге Нухка осуят кылган динди Шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган динди(н дал өзүн) Ибрахимге, Мусага жана Ыйсага: «Динди толук тургузгула (аткаргыла) жана анда бөлүнүп кетпегиле»-деп вахий кылганбыз. Силер даават кылган нерсе (тавхид ишеними) мушриктерге оор келди. Аллаһ ал нерсеге Өзү каалаган пендесин тандап, (Өзүнө) умтулган пендесин ага жолдоп коёт

14Алар өздөрүнө (Аллаһ тарабынан) илим (Тоорат, Инжил) келгенден кийин гана, өз ара көралбастыктан улам бөлүнүп кетишти.! Жана эгер Раббиң тарабынан алдын ала айтылган «белгилүү мөөнөткө чейин (азабы кечиктирилет) деген» Сөз болбогондо (каапырлар кыйратылып) алардын арасы (эчак эле) ажырым кылып коюлмак. Алардан кийин Китепке мураскор кылынган урпактар деле Андан (Тоораттан, Инжилден) катуу шектенүүдө болушту

15Ошондуктан, эми сен (үммөтүңө бекем) даават кыл, өзүңө буюрулгандай түз бол жана алар (каапырлар, мунафыктыр) каалаган жолдорду ээрчибе! Сен: «Аллаһ түшүргөн (ар бир) китепке ыйман келтирдим жана силердин араңарда адилет кылууга буюрулдум. Аллаһ менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Бизге өз амал-ибадаттарыбыз, силерге да өз амал- ибадатыңар. Биз менен силердин араңарда (айтылбаган) далил калбады. Аллаһ биздин арабызды (Кыяматта) чогултат. Кайтуу Анын Өзүнө»- дегин

16Аллаһтын динине (оң) жооп берилгенден (чындыгы тастыкталгандан) кийин (дагы эле) Аллаһ жөнүндө далилдешип (талашып-тартышып)? жүргөн адамдардын далилдери Раббисинин алдында жалган. Аларга (Аллаһ тарабынан) каар-казап жана катуу азап бар

17Аллаһ Китепти жана Адилеттикти акыйкаттык менен түшүргөн. (О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, Кыямат жакын болсо ажеп эмес

18Кыяматка ишенбеген каапырлар аны(н келишин) шаштырышат. Ыймандуулар болсо, андан коркушат жана анын Акыйкат экенин билишет. Көңүл бургула, чынында Кыяматтан шектенгендер катуу адашууда

19Аллаһ пенделерине Боорукер. Каалаган пендесине ырыскы берет. Ал Кубаттуу, Кудуреттүү

20Ким Акырет сыйлыгын кааласа анын сооп-сыйлыгын көбөйтөбүз. Ал эми, ким дүйнө сыйлыгын кааласа, андан (каалашынча) беребиз, бирок ага Акыретте (Акыреттик сыйлыктан) насип болбойт

21Же болбосо алардын (Аллаһка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллаһ уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?!! Эгер («Алардын жазасы Кыяматта берилет» деген) таамай сөз болбосо, алардын арасында (ушул дүйнөдө эле, өлүм менен) өкүм кылынмак. Чынында заалымдарга жан ооруткан азап бар

22Сензаалым (каапыр) адамдарды жасаган (күнөө) иштеринен (келчү азаптан) коркуп, жалдыраган абалда көрөсүң. Ал (азап) аларга түшүүчү! Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылган адамдар, Бейиш бактарында болушат. Аларга Раббилеринин алдында каалаган нерселери даяр. Бул улук пазилет

23Булар Өзүнүн ыймандуу жана салих амал кылган пенделерине Аллаһ сүйүнчүлөгөн куш кабар. (О, Мухаммад!) Айткын: «Мен ал (Кураан үйрөткөнүм) үчүн силерден акы сурабаймын. (Аллаһка) жакын болуудагы (өз ара) сүйүүнү гана сураймын». Ким жакшылык жасаса, Биз анысына дагы көп жакшылыктарды кошумча кылабыз. Чынында, Аллаһ (күнөөлөрдү) Кечирүүчү (жана жакшылыктарга) Шүгүр кылуучу

24Же болбосо, (мушриктер «Мухаммад) Аллаһка доомат кылды»-дешеби?! Эгер Аллаһ кааласа, жүрөгүңдү мөөрлөп коймок. Аллаһ (вахий менен) жалганды өчүрөт. Жана Өз сөздөрү менен Акыйкатты орнотот. Ал көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү

25Аллаһ Өз пенделеринен тообаны кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат

26Жана Ал ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдарга (дубаларын кабыл алуу менен) жооп берет жана аларды Өз пазилетинен аларды(н сообун) көбөйтөт. Ал эми, каапырларга катуу азап бар

27Эгер Аллаһ пенделерине ырыскыны кенен берсе, алар жер бетинде зулумдукка берилип кетишмек. Бирок Өзү каалаган өлчөмдө түшүрөт. Ал Өз пенделерин(ин табиятын) Көрүүчү (жана) Кабардар

28Ал (пенделерине) үмүтсүз болуп калгандарынан кийин жамгыр жаадырып, Өз ырайымын таратат. Ал Макталган Дос

29Асмандар менен жерди жаратканы жана ал экөөнө жаныбарларды таратканы Анын (кудуретинин) белгилеринен. Өзү каалаган убакытта аларды чогултуп алууга Кудуреттүү

30Силерге жеткен ар бир балээ-апаат өз кылмышыңар себептүү. Аллаһ көпчүлүктөн (күнөөсүн) кечирет

31Жана силер жер бетинде (Аллаһты) алсыз калтыра албайсыңар. (Ошондуктан) силерге Аллаһдан башка не бир дос, не бир жардамчы жок

32Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири) деңиздеги тоо сыяктуу кемелер

33Эгер (Аллаһ) кааласа, шамалды токтотуп коёт. Анан (ал) кемелер деңиз бетинде токтоп калышат. Албетте бул нерседе ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу пенделер үчүн белгилер (сабактар) бар

34Же болбосо, ал кемелерди (жүргүнчүлөрү) жасаган (күнөө) иштер себептүү кыйроого учуратат. (Бирок) Ал көп адамдарды(н күнөөсүн) кечирип (аман-эсен жээкке чыгарып) жиберет

35Биздин аяттарыбыз жөнүндө талашкан адамдар билип алышсын: аларга (Аллаһтын кудуретинен) кутула турган жер жок

36Силерге берилген нерселердин бардыгы дүйнө жашоосунун (убактылуу) пайдасы. Ал эми, ыймандуу жана Раббисине тобокел кылган кишилер үчүн Аллаһтын алдындагы сыйлыктары жакшы жана түбөлүктүү

37Алар чоң күнөөлөрдөн жана бузук иштерден сактанып жүрүшөт. Эгер ачуусу келсе, (ичине жутуп, ачуусун келтиргендерди) кечирет

38Алар Раббисине (ар дайым) жооп беришет! жана намазды (калтырбай) окушат. Алардын (диний жана дүйнөлүк) иштери өз-ара масилет-кеңеш (менен болот). Жана алар Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака-ихсан кылышат

39Жана алар өздөрүнө зулум жетсе (заалымга каршы баш көтөрүп) жеңишке жете турган кишилер

40Жамандыктын жазасы өзүндөй жамандык. Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллаһ берет. Чынында, Аллаһ заалымдарды сүйбөйт

41Ким өзүнө зулум көргөзүлгөндөн кийин (заалымды) жеңип койсо, аларды күнөөлөгөнгө жол жок

42(Күнөөлөш үчүн) жол, (өзүнө зулум кылган), адамдарга (ашыкча) зулум кылган, жер бетинде акыйкатсыздык менен зордук-зомбулук кылган адамдарга каршы (ачылат). Андай адамдарга жан ооруткан азап бар

43Кимде-ким (зулумга) сабыр кылса жана (заалымды) кечирсе — бул өтө улук иштерден

44Ал эми, Аллаһ кимди адаштырып койсо, Андан (Аллаһтан) кийин ал үчүн эч бир дос-башчы калбайт. Жана сен заалымдарды, (Кыяматтагы) азапты көргөндө «(дүйнөгө) кайтууга жол бар бекен?!» деп какшап калгандарын көрөсүң

45Жана сен аларды, кордуктан моюндарын шылкыйткан абалда, (тозокко) көз кырын таштап, азапка алып келингенин көрөсүң. (Ошондо) ыймандуу адамдар айтат: «Чынында зыян тарткандар — алар Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян жеткиргендер!» Көңүл бургула! Аныгында, заалымдар үзгүлтүксүз азапта

46Аларга Аллаһтан башка достору («кудайлары») жардам бере албайт. Аллаһ кимди адаштырса ал үчүн (кутулууга) жол жок

47(Артка) кайтарууга мүмкүн болбогон Күн, Аллаһ (Таала) тарабынан келип калганга чейин Раббиңерге жооп кайтарып (буйруктарын аткарып) калгыла! Ал күндө силерге (Аллаһтын азабынан) каччу жер, кайтаруучу (аскер) болбойт

48Эгер алар жүз үйрүп кетишсе (жөн кой). Биз сени аларга сакчы кылып жибербедик. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат. Биз эгер инсанга Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, аны менен сүйүнүп (оолугуп) калат. Ал эми өзү жасаган кылмыштары себептүү бир кайгы жетсе, чынында, инсан шүгүрсүз (экенин көргөзөт)

49Асмандар жана жер(дин бардык) мүлкү Аллаһка таандык. Каалаган нерсесин жаратат. Каалаган пендесине уул-перзент берет, каалаган пендесине кыз-перзент берет

50Же болбосо, перзенттерди уул-кызынан жуп-жуп (эгиз) кылып берет жана каалаган пендесин тукумсуз кылат. Чынында, Ал Билүүчү, Кудуреттүү

51Адамзатка Аллаһ сүйлөбөйт. Бир гана (Өз пайгамбарына) вахий-илхам иретинде, же парданын артынан сүйлөйт. Же болбосо, (периштеден) элчи жиберет. Анан ал, Өзүнүн уруксаты менен (пайгамбарга) Аллаһ каалаган сөздү вахий кылат. Ал эң Жогорку (жана) Даанышман

52Ошентип, Биз сага Өз буйругубуз менен Рухту (Кураанды) вахий кылдык. Сен (мындан мурун) не китеп, не ыйман эмне экенин билбейт элең. Бирок Биз аны (элдер үчүн) Нур кылып, аны менен каалаган пендебизди Туура Жолго баштайбыз. Жана сен дагы (Кураан Нуру менен) Туура Жолго баштайсың

53Аллаһтын жолуна. Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аныкы! Көңүл бургула! Бардык иштер Аллаһка кайтат

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath