98. Аль-Баййина
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Китеп ээлеринен (яхудийлер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады
2(Анык Чындык) таза барактардагы (Кураанды) окуп берген Аллаһтын элчиси
3Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар
4Китеп берилген элдер (яхудийлер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти
5Алар бардык ибадаттарды калыс Аллаһ үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин
6Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар Тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы
7Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар — жаратылгандардын эң жакшысы
8Раббисинин алдында алардын сыйлыктары — анда "Адн" Бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллаһ ыраазы болду, алар Аллаһтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath