96. Аль-Алак
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен
2Алинсанды уюган кандан жаратты
3Оку, сенин Раббиң эң улук Зат
4Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү
5Инсанга билбегенин (Кураанды жана башка илимдерди) билгизди
6Жок! Чынында, инсан чектен ашат
7өзүн бай-беймуктаж көргөндө
8Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана
9Көрдүңбү сен тыюу салган кишини
10намаз окуган пендеге
11Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо
12Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса
13(О, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе
14Билбейби ал Аллаһ көрүп турганын
15Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз
16Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан
17Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин
18Биз дагы (“Забаания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз
19Жок, сен ага! моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллаһ Таалага) жакын бол
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath