92. Аль-Лайл
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1(Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант
2(Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант
3Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант
4Албетте (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай
5Ким (садака) берсе жана такыба кылса
6жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса —
7Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз
8Ал эми, ким (байлыгын Аллаһ жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллаһ бере турган соопту) “керек эмес” десе
9Жана ыйманды жалган десе
10Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз
11(Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат
12Албетте, (адамдарды) Туура Жолго баштоо Бизге гана таандык иш
13Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда
14Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим
15Ал отко шору каткан адам гана кирет
16Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган
17Андан (тозоктон) такыбаа киши ыраак болот
18Ал мал-мүлкүн (Аллаһ жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши
19Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок
20(Анын бардык жакшылыктары) эң жогорку Раббисинин ыраазычылыгы үчүн гана (жасалат)
21Жакында (Аллаһ аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath