Ислам
артка

91. Аш-Шамс

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Күн жана анын жарыгына ант

2Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант

3Жана аны ашкере көргөзгөн күндүзгө ант

4Жана аны ороп кала турган түнгө ант

5Асманга жана аны (бекем) курганга? ант

6Жерге жана аны жайганга ант

7Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант!°

8Ал (Аллаһ) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбаалыгына да илхам берип койду

9Эми, ким напсисин (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо, жеңишке (Бейишке) жетет

10Ким аны (күнөө менен) кордогон болсо, (Бейиштен) үмүтсүз калат

11Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды

12Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду

13Аларга Аллаһтын элчиси “Аллаһтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллаһтын азабы келет!”) деди

14Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды

15Ал (Аллаһ Таала) бул иштин акыбетинен коркпойт

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath