89. Аль-Фажр
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Таңгаант
2Онтүнгөант
3Жуп менен такка ант
4Жана өтүп жаткан түнгө ант
5Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле
6Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү
7(Түркүктүү Ирамды) (эмне кылганынчы)
8Ага окшогону эч бир өлкөдө жаратылбаган эле
9Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү)
10Кубаттуу аскерлердин ээси Фираунду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү)
11Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен
12жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу
13Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды
14Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу
15Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт
16Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт
17Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар
18Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр
19Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер
20Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр
21Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде
22жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде
23Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана
24(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт
25Ал күнү Аллаһ азаптагандай эч ким азаптай албайт
26Аллаһ байлагандай эч ким байлай албайт
27О,тынч- бейпил жан
28(Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын
29Менин (жакшы) пенделериме кошулгун
30жана Менин Бейишиме киргин
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath