88. Аль-Гашия
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1(О, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?”
2Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт)
3(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда
4кызыган отко кирет
5(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет
6Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок
7(Ал) семиртпейт жана тойдурбайт
8Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат — куунак
9(Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш — аракеттерине ыраазы
10Жогорку Бейиште
11Анда маанисиз сөздөрдү укпайт
12Анда агып турган булактар
13Бийик сөрүлөр
14(Ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр
15Сап-сап тизилген жаздыктар
16Жана төшөлгөн килемдер бар
17Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына
18Асмандын кандай көтөрүп коюлганына
19Тоолордун кандай сайып коюлганына
20Жана жердин кандай жайып коюлганына
21(О, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң
22Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң
23Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо
24Аны Аллаһ чоң азапка салат
25Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат
26Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath