87. Аль-Аълаа
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула
2Ал\(бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган
3Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган
4Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып
5андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот
6(О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың
7Бирок, Аллаһ (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет
8Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз
9Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын
10(Насаатты) Аллаһтан корккон адамдар гана эсине алышат
11Шордуу адам болсо андан качат
12Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши
13Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт
14Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти
15Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти)
16Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар
17Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк
18Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле
19Ибрахимдин жана Мусанын барактарында
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath