86. Ат-Таарык
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин
2(О, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң
3Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз
4Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар
5Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын
6Атырылган (бел) суудан жаратылган
7(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат
8Ал (Аллаһ) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү
9Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө
10(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт
11Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу
12Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү
13Ал (Кураан) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз
14Азил-тамаша (сөз) эмес
15Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат
16Мен дагы амалкерлик кыламын
17Эми, сен (О, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath