85. Аль-Буруж
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Ментопжылдыздар мекени — асманга ант ичип
2Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип
3(Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын)
4Чуңкур ээлерине — өлүм болсун
5(Алчуңкур) отундуу жалын
6Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан
7Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан
8(Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллаһка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты
9Аласмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллаһ ар бир нерсеге Күбө
10Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тооба кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар
11Ал эми, (Аллаһка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө, жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул — чоң жеңиш
12Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу
13Бир Өзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат
14Ал — Кечиримдуу, (жана) Вадууд
15(Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук
16Каалаганын жасоочу
17(О, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин
18Фираундун жана Самуд коомунун кабары келди беле
19Жок, каапырлар (дагы эле, Кураанды жана кайра тирилүүнү) «жалган» дешүүдө
20Аллаһ болсо, алардын (бардык иштерин) камтып-билип турат
21Аныгында ал-Улуу Кураан! (Каапырлар миң ирет «жалган» десе да кадыр-баркы төмөндөбөйт. Себеби, ал)
22Лавхул- Махфузда
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath