84. Аль-Иншикак
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Күтүүсүздөн асман жарылды
2Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу
3Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп
4ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды
5Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу
6О,инсан! Сен Раббиңе (жолугуу үчүн сооптуу же күнөөлүү иштер менен) түйшөлүп, акырында Ага жолуктуң
7Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе
8Өтө жеңил суралат
9Жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет
10Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе
11(Өзүнө) өлүм чакырат
12Жана тозокко ташталат
13Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн арасында шат-курсант болчу
14Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү
15Жок! Андай эмес! (Ал раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган
16Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип
17Түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип
18Жана толгон кездеги (толун) айга ант ичип (айтамын)
19(О, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер
20Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат
21Жана эгер аларга Кураан окуп берилчү болсо, (моюн суну менен) сажда кылышпайт
22Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет
23Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллаһ эң жакшы билет
24(О, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер
25А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath