83. Аль-Мутаффифин
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Таразадан алдагандарга чоң азап болсун
2Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы
3Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет
4Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен
5Улуу Күн — Кыяматта
6Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат
7Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжийнде» экени анык
8(О, Мухаммад!) сен «Сижжийн» эмне экенин билбейсиң
9Ал— жазылган китеп
10Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет
11Алар сурак күндү жалган дегендер
12Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет
13А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет
14Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган
15Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат
16Андан соң, алар тозокко ташталышат
17Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!»-деп айтылат
18Чынында, жакшы пенделердин китептери? «Иллийюнда»
19(О, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң
20(Ал) - жазылган китеп
21Аны (Аллаһка) жакындар (периштелер) көрүп турат
22Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде
23Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат
24Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң
25Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет
26Ал шараптын сактагычы -«миск»!. Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын
27Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден»
28(Тасним - бул) Аллаһка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак
29Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн
30(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан
31Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан
32Эгер аларды көрүп калса, «Булар-адашкандар» деп айтышкан
33Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбегенго
34Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт
35(жана) сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап (жыргап) отурушат
36Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath