80. Абаса
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды
2алдына (маселе сурап ) сокур киши келгенде
3(О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр
4Же болбосо, (Аллаһ Тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр
5Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)
6сен ошо(лор)го бурулуп алдың
7(Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң
8Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам
9(Аллаһтан жана Кыямат күндөн) коркот эле
10Сен ага көңүл бурбай, (башкалар менен алагды болуп) калдың
11Жок! (О, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллаһ тарабынан) эскерме-сабак
12Ким кааласа — аны эскерет
13(Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да
14(Лавхул Махфуз) Таза—-Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору
15(Жана) периштелердин колунда
16(Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)
17Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты
18Ал (Аллаһ) аны эмнеден жаратты эле
19Бир тамчы суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган
20Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду? оңой кылып берди
21Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду
22Андан соң Өзү каалаган кезде (Кыяматта) кайрадан тирилтип алат
23Жок! Ал өзүнө (Аллаһ) буюрган парыздарды эч аткарбады
24Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы
25Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык
26Андан соң жерди жарып
27(Ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк
28Жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү
29Зайтундарды, курмаларды
30Коюу бактарды
31Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды
32Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп
33Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (Кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде
34Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат
35Апасы менен атасынан дагы
36Аялы менен балдарынан дагы
37(Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот
38Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып
39күлүп-жайнап, кубанычтуу
40(ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап
41караңгылык ороп алат
42Дал ошолор каапыр, шүкүрсүз адамдар
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath