79. Ан-Наазиат
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1(Каапырлардын жанын) тереңинен (оорутуп) сууруп алуучу периштелер менен ант ичип
2(ыймандуулардын жанын оорутпай) “чечип алуучу” периштелер менен ант ичип
3(Асман мейкиндигинде өйдө-ылдый) сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант ичип
4(Аллаһтын буйругун аткарууда) бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант ичип
5(Аллаһ табыштаган ааламдык) иштерди башкаруучу периштелер менен ант ичип (айтамын)
6Ал Күнү (Сур кернейдин биринчи деминен улам) титирөөчү (жер) титирейт
7Анынартынан кийинки Сур тартылат
8Ошол күнү (каапыр) жүрөктөр катуу коркуп
9Көздөрү жалдырап калат
10(Каапырларга Кыяматтагы кайра тирилүү жөнүндө айтылчу болсо, адамды мыскылдап, какшыктап, мындай) дешет: «Эмне, биз мурдакы (тирүү) абалыбызга кайтарылабызбы
11чириген сөөк болуп калсак деле?!»
12(Дагы мындай) дешти: «Анда бул биз үчүн зыяндуу кайтыш болоор!»
13Ал болгону (Исрафил периште тарткан чоордун) бир гана (катуу) добушу
14Анан капыстан... (тирилип, мүрзөлөрүнөн) жер бетине чыгып калышат
15Сага Мусанын кабары келди беле
16Бир кезде Раббиси ага ыйык Туваа өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү
17«Фираунга баргын! Ал чектен чыгып кетти
18Жана ага (мындай) дегин: «Өзүндү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону
19жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллаһка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең»
20(Муса) ага (Фираунга) чоң моожизаны (жыланга айланган аса таякты) көргөздү
21Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты
22Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды
23жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен
24«Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди
25Анан... Аллаһ аны дүйнөлүк (жазаа) жана Акыреттик азап менен жазалады
26Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар
27(Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллаһ) жаратты
28Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды
29Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды
30Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду
31Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды
32Тоолорду (бекем) орнотту
33Силер үчүн жана силердин айбандарыңар үчүн пайдалануу (ырыскы) болсун деп
34Качан чоң Кыямат келсе
35Ал күндө инсан (дүйнөдөгү) иш -аракеттерин эстейт
36Караган адамдарга тозок (анык) көргөзүлөт
37Кимде-ким чектен чыккан болсо
38жана дүйнө жашоосун (Акыреттен) артык көргөн болсо
39анын орду албетте, тозокто
40Ал эми, ким Раббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (арам) каалоо-кумарлардан тыйса
41анын орду албетте, Бейиште
42(Кайра тирилүүдөн шектенген адамдар) сенден Кыяматтын качан болушун сурашат
43Аны(н убактысын) билүүдөн сен алыссың
44Анын (качан болоору жөнүндөгү илимдин башы жана) аягы Раббиңе гана тиешелүү
45Сен болгону андан (Кыяматтан) корко турган кишилерди эскертүүчүсүң
46Алар (Кыяматты «жалган» дегендер) аны (өз көздөрү менен) көргөн күндө, (бул дүйнөдө) бир күн кечке чейин же түшкө чейин гана турган сыяктуу болуп калышат
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath