77. Аль-Мурсалат
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Античемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен
2Өтө катуу жүргөн шамалдар менен
3(Булуттарды Аллаһ каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен
4(Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Кураан аяттары) менен
5(Пайгамбарларга Аллаһ тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен
6(Ошол периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн
7(О,адамдар!) силерге убада кылынган Күн? албетте болуучу
8Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп
9Асман (аңырайып) ачылып
10Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда
11Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде, (мына ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт)
12(Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле
13Ажыратуу күнүнө
14(О, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң
15Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап
16Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле
17Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук
18Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз
19Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап
20(О, кайра тирилүүнү «жалган» дегендер!) Биз силерди жийиркеничтүү (бир тамчы бел) суудан жаратпадык беле
21Анан ал “сууну” бекем жайга (эненин жатынына) орноштордук
22Белгилүү убакытка (туулганыңарга) чейин
23Жана Биз (ошол бел сууну оболу коюу кан, анан бир бөлүк эт, андан кийин сөөк, андан кийин кадыресе адам кылып жаратууга) кудуреттүү болдук. Биз эң жакшы Кудуреттүүбүз
24Ал күндө (Кыяматты) «жалган» дегендерге өлүм
25Биз жерди кучактоочу кылбадык беле
26Өлүктөр менен тирүүлөрдү
27Жана Биз жер бетине (аны бекем сактоо үчүн) үлкөн тоолорду жараттык. Жана силерди (мөңгүлөрдөн агып келүүчү) таттуу суу(лар) менен сугардык
28Ал күндө (ушул нээматтарды) «жалган» дегендерге өлүм
29(Ошол күндө аларга айтылат): Өзүңөр жалган деген Тозокко жөнөгүлө
30Үч бутактуу (оттон болгон) «көлөкөгө»! жөнөгүлө!»
31(Ал «көлөкөдө») салкындык жок. Алоодон да тосо албайт
32Ал (тозок) сарай сыяктуу (үлкөн) учкундарды атып турат
33Ал учкундар саргымтыл кара төөлөргө окшойт
34Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
35Бул күнү алар (уруксатсыз) сүйлөй албайт
36Алар үчүн актанууга да уруксат жок
37Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
38Бул — ажыратуу Күнү! Силерди да, абалкыларды да (сот-сурак үчүн ) чогулттук
39Эгер (о, каапырлар, бул сурактан жана азаптан кутулуп кетүү үчүн) силерде амал болсо, Мага амалыңарды көргөзгүлө
40Ал күндө (кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
41Ал эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда
42Жана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде
43(Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!»
44Биз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз
45Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо
46(О, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар
47Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
48Эгер аларга (Аллаһка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт
49Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
50Андан (Кураандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath