Ислам
артка

76. Аль-Инсан

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эске да алынбай турган (жок нерсе) эле

2Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык

3(Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот)

4Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук

5Ыймандуу адамдар (бейиштерде) «каафур»? аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет

6(“Каафур”) булагы... Аны Аллаһтын (бейишке арзыган) пенделери (каалаган жерине) агызышып, (каалагандай) ичишет.”

7Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин! аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллаһтын азабынан) коркушкан

8Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип? (мындай дешкен)

9«Биз силерди Аллаһтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз

10Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз»

11Анан Аллаһ аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди

12Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды Бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады

13Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт

14Аларга Бейиш (бактарынын) көлөкөсү тийип, мөмөлөрү ийилип турат

15Аларга күмүш идиштер(де тамак-аш) жана шише чөйчөктөр(дө шарап) айлантып турулат

16Күмүш чөйчөктөр... Аны(н ичиндеги шарапты кызматчылар кажетке жараша) өлчөп-ченеп (куюп) турушат

17Ал жерде (ыймандууларга) занжабил? аралаштырылган шарап

18(жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет)

19Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң

20Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң

21Алардын (Бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер... (Эркек- аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган... Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган

22(О, ыймандуулар!) Булар — силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер! ченемсиз нээматтар менен төлөндү

23Чынында Биз (о, Мухаммад) сага Кураанды? бөлүп-бөлүп түшүрдүк

24Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын? жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын

25Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн

26Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун —узун тасбих айт

27Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат

28Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон? (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз!”

29Аныгында, бул (Кураан) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат

30(Бирок) силер Аллаһ каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Чынында, Аллаһ Билүүчү, Даанышман

31Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, заалымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath