75. Аль-Кыяма
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Мен Кыямат күнүнө ант ичип
2Жоемелөөчү напси? менен ант ичип, (айтамын)
3“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”
4Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз
5Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр
6(Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар
7Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат
8Айдын нуру өчөт
9жана Күн менен Ай бириктирилет
10Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат
11Жок! Качып бара турган орун жок
12Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар
13Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы —жаман) иштери жөнүндө кабар берилет
14Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт
15Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт)
16(О, Мухаммад, сага Жебрейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе
17Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет
18Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебрейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин
19Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет
20Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр
21жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар
22Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып
23Раббисине (үмүт менен) карап турат
24Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып
25өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат
26Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда
27«Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда
28(Күнөөкөр пенде «дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда
29Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда
30Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор
31Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады
32Бирок, «жалган» деп далысын салып койду
33Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти
34Өлүм болсун сага өлүм
35Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм
36(Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) беймаксат таштап коюлган деп ойлойбу
37Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле
38Анан коюу кан болду. Анан (Аллаһ) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)
39Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты
40Эми, ушул (Аллаһ) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath