74. Аль-Муддассир
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1ӨО,чүмкөнүп (жатып) алган адам
2Туруп (элдерге Акыретти) эскерт
3Жана Раббиңдин улуулугун даңазала
4Жана кийимиңди тазала
5Жана ыпластыктан ыраак бол!“
6Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба
7(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл
8Эми, качан (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда)
9Мына ушул күн-оөтө оор күн
10Каапырларга жеңил болбогон (күн)
11(О, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой
12Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим
13Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим
14Жана ага өтө кененчилик бердим
15Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат
16Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты
17Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын
18Себеби, ал (Кураан жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү
19Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү
20Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү
21Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү
22Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды
23Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди
24Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр
25Бул- адамдын гана сөзү»
26Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин
27(О, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң
28Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт
29(Терини карартып,) өзгөртүп койот
30Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар
31Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудийлер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллаһ бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллаһ тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллаһ мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын Туура Жолго салат. (О, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес
32Жок, Мен айга ант (ичип)
33кайтып кеткен түнгө ант (ичип)
34(агарып) келе жаткан таңга ант (ичип)
35(Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири
36(“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү
37Силердин араңардагы, (Аллаһтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн
38Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну
39Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес
40Алар Бейиштерде туруп сурашат
41(тозоктогу) кылмышкерлерден
42«Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?»
43Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук
44Жана бей-бечараларды тамактандырбадык
45(Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк
46Жана Акырет күндү жалган дедик
47Башыбызга өлүм келгенге чейин»
48Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт
49Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Кураандан) жүз буруп качышат
50Жапайы эшектерге окшоп
51арстандан үркүп качкан
52Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат!”
53Жок, андай эмес! (чынында) алар Акыреттен коркушпайт
54Жок, андай эмес! Чынында, бул (Кураан эң чоң) эскерме-насаат
55Ким кааласа андан сабак алат
56Бирок, (андан) Аллаһ каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллаһ Таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath