Ислам
артка

73. Аль-Муззаммил

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1О, оронуп жаткан киши

2Түндөсү тур (жана ибадат кыл!?) Бир аз гана бөлүгүндө-жарымында (уктасаң) мейли

3Же болбосо, (уйкуну) андан (жарымдан) аз гана кемит

4Же бир аз кош жана Кураанды кыраатын келиштирип оку!“

5Биз жакында сага салмактуу Сөздү (Кураанды) түшүрөбүз

6Түңкү убакыттар(да ибадат кылуу жана Кураан окуунун көңүлгө) тамгалануусу катуураак жана сөзү туурараак

7Күндүзүндө болсо сенин узун убарагерчилигиң бар

8(Кураан окуганыңда “Бисмиллахир Рахмаанир Рахийм” деп) Раббиңдин ысымын эсте жана ал үчүн (дүйнөлүк ойлордон) толук үзүл

9(Аллаһ) Чыгыштын жана Батыштын Раббиси! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Демек, (О, Мухаммад) сен Аны гана (өзүңө) таяныч кылып ал

10(О, Мухаммад) алардын айткандарына сабыр кыл жана алардан акырын гана алыс боло тур

11(Динди) жалган деген байлык-мансап ээлерин Мага кой жана аларга бир аз мөөнөт бер

12Биздин алдыбызда аларга арналган оор кишендер жана алоолонгон от бар

13Жана тикенектүү тамак менен жан ооруткан азап бар

14Ал (Кыямат) күнү жер менен тоолор титиреп, тоолор (суудай) аккан кумдөбөлөргө айланат

15(Эй, Макка каапырлары!) Биз Фираунга (Муса) пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, силерге да (Мухаммад) пайгамбарды жибердик. (Ал) силерге күбө болуп турат

16Фираун айгамбарга каршы чыкты эле, Биз аны катуу (азап менен) алып койдук

17Эгер каапыр болсоңор жаш балдардын чачын агартып жибере турган Күндөн кантип сактана аласыңар

18Ал (коркунучтуу Күндөгү кыйроолор) себептүү асман дагы барчаланып кетет! Анын (Аллаһтын) убадасы аткарылат

19Албетте, бул(айтылганд)ар эскертүү гана. Ким кааласа Раббисине (алып баруучу туура) жолду (тандап) алат.”

20(О, Мухаммад) Раббиң сенин жана сен менен болгон тайпанын түндүн үчтөн экисинен азыраагында жана жарымында жана үчтөн биринде (ибадат үчүн) турушуңду билет. Аллаһ түн менен күндү ченейт. Ал силердин аны (түндөгү ибадат сааттарды) эсептей албай калганыңарды билип, силерге жеңилдикти кайтарды. Эми, (түндөсү) Кураандан алыңар жеткенче гана окугула. (Себеби Аллаһ) жакын келечекте силердин араңарда оорулуу адамдар болушун, жана башкалары Аллаһтын ырыскы — пазилетин издеп жер бетин кезип (соода же сапар кылып) жүрүшүн, жана башка бирөөлөр Аллаһ жолунда жихад кылуу менен алектенишин билди. (Ошондой болгон соң) эми, ал-кудуретиңер жеткенче Кураан окугула. Жана намазды (толук) аткарып, зекет бергиле. Жана Аллаһка жакшынакай карыз бергиле. Өзүнөр(дүн араңардагы кедей муктаж инсандар) үчүн эмне жакшылык (садака) кылган болсоңор, аны Аллаһтын алдында андан да жакшыраак, улугураак сооп иретинде табасыңар. Жана Аллаһтан (көп) кечирим сурагыла! Чынында Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath