Ислам
артка

72. Аль-Жин

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Айт (о, Мухаммад) “Мага (Аллаһ Тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндерден бир жамааты (Кураанды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Кураан? уктук

2Ал Туура Жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз

3Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес

4Чынында, биздин акмактарыбыз Аллаһ жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат

5Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллаһка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз

6Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат

7Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллаһ эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот

8Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк

9Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат

10Жана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз

11Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек

12Жана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллаһты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.”

13Биз (Кураандагы) Туура Жолду укканыбызда ага ыйман келтирдик. Ким Раббисине ыйман келтирсе (жасаган сооп иштери) кемитип коюлуудан жана (күнөөлөрүнүн) көбөйтүп коюлуусунан коркпойт

14Биздин арабызда мусулмандар да бар (ислам жолунан) адашкандар да бар. Эми ким исламга кирген болсо, анда алар туура багытты тандап алышыптыр

15Ал эми, адашкандар (демек алар) тозокко отун болгондор

16Эгер алар (исламдык) жолдо түз жүрсө мол суу менен сугарабыз

17аларды сынаш үчүн.! Жана (ошондо) ким Раббисинин эскертүүсүнөн (Кураандан) жүз бурса, (Аллаһ) аны оор азапка жолуктурат

18(Бардык) мечиттер Аллаһка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллаһка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла

19Аллаһтын пендеси (Мухаммад Кураан окуу менен) Аллаһка дуба кылып турганда (жиндер жабалактап келип) бири-бирин басып-тебелеп таштоого аз калды

20Айт (о, Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”

21Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”

22(Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллаһтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын

23(Менин колумда) Аллаһ тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар) Ким Аллаһ жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат

24Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат

25Айт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”

26Кайыпты билүүчү (Аллаһ!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт

27Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллаһ анын (пайгамбардын) алды жана арты жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт

28(Мухаммад төмөнкүлөрдү) билиши үчүн: (периштелер) Раббисинин кабарларын (жиндерден коргоп) жеткизишкен жана (Раббиси) алардын (бардык) абалдарын билип, бардык нерселерди эсеп-китеп кылып койгон

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath