71. Нух
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Биз Нухту өз коомуна элчи-пайгамбар кылып жибердик (жана ага): «Аларга катуу азап келишинен мурда коомуңду (тозок азабынан) эскерткин» - (деп вахий кылдык)
2Алайтты: «О, коомум! Мен силерге анык эскертүүчү-пайгамбармын
3Аллаһка гана ибадат кылып, Андан корккула жана мага моюн сунгула
4(Ошондо) Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү күндөргө (дүйнө жашоосун жашап бүткөнүңөргө) чейин силерди(н өлүмүңөрдү) кечиктирет. (Ал эми) Аллаһтын (белгилеген) ажалы келип калганда эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер»
5(Нух) айтты: «О, Раббим! Мен коомумду түнү-күнү (токтоосуз) даават кылдым
6Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү
7Сеналарды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кыла баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти
8Кийин мен аларды ашкере түрдө даават кылдым
9Андан соң аларга (дааватымды) ачык-жарыя айттым жана (кези келгенде) жашыруун түрдө да айтым
10Анан мен аларга (мындай) дедим: «Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү
11Силерге асмандан себелеген жамгыр жиберет
12Жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бак-бостондорду жана (соолубас) дарыяларды берет
13Силерге эмне болгон, Аллаһка улуулукту каалабайсыңар
14Ал силерди доор - доор менен жаратты го
15Аллаһ (Таала) жети асманды кабат-кабаты менен кандай (чеберчиликте) жаратканына карабайсыңарбы
16Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү (аалам үчүн) чырак кылып койгон
17Жана Аллаһ силерди жерден гана өстүрүп чыгарган
18Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат
19Аллаһ силер үчүн жерди(н бетин) тегиз кылды
20Анда(гы) кең жолдордон жүрүүңөр үчүн
21Нух айтты: “О, Раббим! Алар мага каршы чыгышты жана дүйнөсү менен бала-чакасы зыяндан башканы көбөйтпөй турган адам(дар)ды ээрчип кетишти
22Алар (байлар динге каршы) өтө чоң айла-амалдарды жасашты
23Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Сувааны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти
24Алар көп элдерди азгырышты. Жана Сен (о, Аллаһым!) заалымдарга адашуучулуктан башканы көбөйтпө
25Күнөөлөрү себептүү (топон сууга) чөктүрүлүштү! Анан (наркы дүйнөдө) отко кириптер кылынышты дагы, өздөрүнө Аллаһтан башка жардамчы таппай калышты
26Нух айтты: “О, Раббим! Жер бетинде каапырлардан эч бирин калтырбагын
27Эгер аларды (тирүү) койсоң пенделериңди азгырышат жана бузуку, каапырларды гана насил (урпак) кылып калтырышат
28О, Раббим! Мени, менин ата-энемди, ыйман келтирип менин үйүмө киргендерди жана (бардык) ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир! Заалымдарга өлүмдөн башканы көбөйтпө
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath