Ислам
артка

69. Аль-Хаакка

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Ал-— Хаакка

2«Ал=— Хаакка» дегени эмне

3(О, Мухаммад!) «Ал — Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?”

4«Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле

5Анан... Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды

6Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү

7(Аллаһ) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң

8Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң

9Анан Фираун, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери — Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып

10Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты

11(Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек

12Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн

13Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда

14жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда)

15Дал ошол күндө Ваакеьа (Кыямат) болот

16Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда

17жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллаһтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч-кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө

18дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.”

19Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй! Мына, менин китебимди окуп көргүлө

20Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»

21Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо —

22— эң жогорку Бейиште болот

23Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут

24(Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле — аш болсун!»

25Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай)

26жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен

27Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо)

28Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды

29Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!»

30(О, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле

31Кийин тозокко таштагыла

32Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!»

33(Себеби), Ал Улук Аллаһка ыйман келтирбеди

34жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады

35Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт

36Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)? болот

37Аны күнөөлүү адамдар гана жейт

38Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип

39Жана көрө албаган (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын)

40«Ал (Кураан) Улук пайгамбардын (Аллаһ үйрөткөн) Сөзү

41Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар

42Ал көзү ачыктын да сөзү эмес!! (Аллаһты) өтө аз эскерип жатасыңар

43Ал ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн

44Эгер ал (Мухаммад) (Кураандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул — Аллаһтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо

45Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз

46Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз

47Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес

48Ал (Кураан) такыбаа кишилер үчүн эскерме-сабак

49Силердин араңарда (Кураанды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз

50Ал каапырларга кайгы!”

51Чындыгында, бул анык чындык

52Ошентип, Эң Улуу Раббиңдин ысымын даңазалагыла

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath