Ислам
артка

68. Аль-Калам

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Нун.” (О, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын)

2Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.”

3(Пайгамбарчылык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар

4Жана сен улук ахлактын үстүндөсүң

5Жакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат —

6Кимиңер азгырылган экениңерди

7Сенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким Туура Жол тапканын эң жакшы билет

8(Динди) жалган дегендерге моюн сунба

9Сеналар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат

10Сен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго

11(Адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга

12Чектен чыккан, күнөөкөр, жакшылыкка бут тосуучуларга

13Орой жана андан соң.., атасынын дайыны жок (тексиз) адамдарга

14Ал бай жана перзенти көп болгондуктан

15ага биздин аяттарыбыз окулганда: «(бул) байыркылардын жөө-жомоктору го»-деди

16Биз жакында (Кыяматта) аны тумшугунан тамгалап койобуз

17Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык! Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти

18Алар (ниеттеринде “Аллаһ кааласа” деген сөздү) эсепке алышпады

19Анан алар уктап жатканда бактын үстүндө Сенин Раббиң тарабынан (жиберилген) бир айлануучу (от) айланып турду (дагы)

20(Күйдүрүп, чычаласын чыгарганда) караңгы түн сыяктуу болуп калды

21Анан таң азанда бири-бирин чакырышты

22«Эгерде (түшүмүңөрдү) жыйнай турган болсоңор эртерээк барбайсыңарбы»

23(Бардыгы үйүнөн чыгып) жолго түшүштү шыбырашып

24«Бүгүн силердин үстүңөргө — бактын ичине бир дагы кедей кирип калбасын»

25Алар эч кимге билдирбей (ушундай катаал, мээримсиз абалда кембагалдарды түшүмдөн) куржалак калтырууга кудуреттүүбүз деп, эрте таңда бара жатышты

26Анан.., (кара чычала болуп калган) бакты көрүп: «Биз адашып (башка бакка келип) калыптырбыз»-дешти

27““Жок! Биз (бактан) куржалак калыптырбыз

28(Ошондо) алардан адилеттүүрөөк бирөөсү: «Мен силерге «Аллаһты даңазалагыла» (“Аллаһ кааласа” деп айткыла) дебедим беле?» -деди

29(Дагы) айтышты: «Раббибиз (кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Биз (өзүбүзгө) зулум кылуучулардан болуп калдык!»

30Анан бири-бирине карап, бири-бирин айыптай баштады

31Жана (мындай) дешти: «Шорубуз курусун! Биз (чындап) чектен чыгып кетиптирбиз

32Раббибиз анын ордуна андан жакшыраагын бергей эле! Биз Раббибизге умтулуучубузго!»

33(Азгырылган адамдарга сыноо дүйнөдөгү) азап ушундай! Ал эми, Акырет азабы (мындан) чоңураак, эгер билишсе

34Албетте, такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында эң мыкты бейиштер бар

35(Эй, Макка мушриктери!) эмне, биз мусулмандарды (силерге окшогон) күнөөкөрлөр сыяктуу кылат бекенбиз

36Силерге эмне болгон?! Кандай өкүм чыгарып жатасыңар

37Же силердин алдыңарда аны сабак кылып окуган (Ыйык) Китеп бар беле

38(Же) Ал (китептин ичинде) силер үчүн өзүңөр каалаган нерсе (бар бекен)

39Же болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен

40(О, Мухаммад), алардан сурачы, кимиси буга кепил боло алат

41Же алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллаһтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудай-ларын алып келишсин

42(Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат

43Көздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат) Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле

44(О, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Кураанды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз

45Мен аларга мөөнөт беремин. Менин амалкерлигим бекем

46Же болбосо (о, Мухаммад) сен алардан (өзүңдүн дааватың үчүн) акы сурап, алар болсо төлөөдөн кыйналып жатышабы

47Же алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы

48Эми (о, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (кап-караңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу

49Эгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак

50Анан Раббиси аны (кайрадан пайгамбарчылык үчүн) тандап, салих (жакшы) инсандардан кылды

51(О, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Кураанды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!»-дешет

52Ал (Кураан) бүт ааламдар үчүн (эң даанышман) насаат-эскермеден башка нерсе эмес

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath