Ислам
артка

64. Ат-Тагаабун

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Аллаһты(н Атын) асмандардагы жана Жердеги бардык (жандуу-жансыз) нерселер аруулашат. Мүлк Аныкы, мактоо Өзүнө гана таандык! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү

2(О,инсандар!) Ал силерди жараткан. Силердин араңарда каапыр да бар, ыймандуу да бар. Аллаһ бардык ишиңерди Көрүүчү

3Аласмандар менен жерди акыйкат менен жаратты, силерге эң сонун келбет берди жана көрүнүшүңөрдү көрктүү кылды. Кайтып баруу — Өзүнө

4Аласмандардагы жана жердеги бардык нерсени билет жана силердин сырыңарды да сыртыңарды да билет. Аллаһ жүрөктөрдө катылган нерселерди да Билүүчү

5(О,мушриктер!) силерге мурдагы каапыр жамааттардын кабары келбеди беле? Алар өз кылмыштарынын жазасын тартышкан”. Жана аларга (Кыяматта) катуу азап бар

6Мунун себеби, аларга пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде «бизди адам перзенти Туура Жолго баштайт бекен?» деп, каапыр болуп, жүз буруп кетишти!. Аллаһ аларга муктаж эмес. Аллаһ — Беймуктаж, Макталган

7Каапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер шексиз (Аллаһтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллаһ үчүн жеңил

8Эми, (эсиңерге келип) Аллаһка, Анын пайгамбарына жана биз түшүргөн Нурга (Кураанга) ыйман келтиргиле! Аллаһ бардык ишиңерден Кабардар

9(Аллаһ) силерди чогулуш күнүнө чогулткан (Кыямат) күндү (эстегиле). Ал — Тагаабун Күнү?! Ким Аллаһка ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган болсо, (Аллаһ) анын күнөөлөрүн кечирип, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Алар анда түбөлүк калышат. Бул — Улуу жетишендик

10Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалган дегендер тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат. Кандай жаман акыбет

11(Пенделерге) жеткен ар бир балээ Аллаһтын гана уруксаты менен болот. Ким Аллаһка ыйман келтирсе, анын жүрөгүн Туура Жолго багыттап койот. Аллаһ бардыгын Билүүчү

12Аллаһка моюн сунгула, пайгамбарга моюн сунгула! Эгер моюн сунбасаңар (өзүңөргө зыян.) Биздин элчибиздин милдети (акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат

13(Ал —) Аллаһ! Бир Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Ыймандуулар Аллаһка гана тобокел кылышсын

14О, ыйман келтирген пенделер! (Кээ бир учурда) силерге аялдарыңар менен перзенттериңердин арасынан (Аллаһ Жолунан тосуучу) душмандар чыгат. Алардан абайлагыла! Эгер аларды кечирип, айкөлдүк кылсаңар (билип алгыла) Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу

15Чынында, мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерге сыноо. Аллаһтын алдында улуу сооптор бар

16Аллаһтан алыңар жеткенче такыба кылгыла жана (пайгамбардын өкүм-насааттарын) угуп, моюн сунгула. Жана (Аллаһ Жолунда) садака кылгыла. (Бул ишиңер) өзүңөргө жакшы. Ким напсинин ачкөздүгүнөн сактана алган болсо, дал ошолор жеңишке жеткендер

17Эгер Аллаһка жакшынакай карыз берсеңер!, силерге бир нече эсе? көбөйтүп кайтарат жана (буга кошумча иретинде) күнөөңөрдү да кечирет. Аллаһ - (жакшылыктарга) Шүгүр кылуучу. жана (пейили) Жумшак

18(Аллаһ) кайыпты да, ашкерени да Билүүчү, Кудуреттүү, Даанышман

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath