62. Аль-Жума
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Аллаһка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал — Падыша, Таза-Пакиза, Кудуреттүү жана Даанышман
2Алуммий адамдар” арасына өздөрүнүн ичинен (тандап алган) пайгамбарды жиберди. Ошол (Пайгамбар) аларга Аллаһтын аяттарын тилават кылат, аларды (ширк жана башка күнөөлөрдөн) тазартат жана Китеп менен Сүннөттү таалим берет. Алар мындан мурда анык адашууда болушкан
3Жана (Аллаһ ал пайгамбарды) али аларга кошулбаган башка элдерге? да жиберди. Ал — Кудуреттүү, Даанышман
4Бул Аллаһтын каалаган пенделерине бере турган пазилети. Аллаһ улуу пазилет Ээси
5Тооратты (колдорунда) көтөргөнү менен, кийин аны(н өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара) көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Аллаһтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллаһ заалым коомду Туура Жолго баштабайт
6(О,Мухаммад!) Айткын: «Эй, яхудийлер! Эгер силер «Бардык адамдар эмес, мына биз гана Аллаһтын сүйгөн пенделерибиз» деп ойлосоңор, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоңор»
7(Жок,) алар жасаган (көп күнөө) иштери себептүү эч качан өлүмдү сагынышпайт. Аллаһ заалымдарды Билүүчү
8Айт: «силер качып (коркуп) жүргөн өлүмгө албетте жолугасыңар. Кийин, көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге жасаган ишиңердин кабарын билдирет
9О,ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллаһты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер
10Ал эми, намаз бүткөндө Аллаһтын ырыскыларын издеп, жер бетине жайылгыла жана Аллаһты көп эстегиле. (Ошондо) жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер
11Алар (кээ бир мусулмандар) сооданы жана оюн-тамашаны көргөндө ошого чуркап кетишти. Сени болсо, (мечиттин минбарында) турганың бойдон калтырышты. Сен айткын: «Аллаһтын алдындагы сооп соодадан жана оюн-тамашадан жакшы. Аллаһ эң жакшы ырыскы берүүчү
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath