61. Ас-Сафф
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Аллаһка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтты. Ал — Кудуреттүү, Даанышман
2О,момундар! Эмне үчүн жасабаган ишиңерди сүйлөйсүңөр
3Жасабаган ишиңерди сүйлөө Аллаһтын алдында чоң күнөө
4Аллаһ Өзүнүн Жолунда тегиз курулган үйлөр сыяктуу сап-сап болуп согушкан пенделерин сүйөт
5(О, Мухаммад!) эстегин, бир кезде Муса өзүнүн коомуна «О, коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Аллаһтын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңерго!» деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Аллаһ дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт
6Эстегин, (бир кезде) Марямдын уулу Ыйса (мындай) деди: «О, Исрайил урпактары! Мен силерге Аллаһдан жиберилген пайгамбар боломун. (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты(н өкүмдөрүн) тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон пайгамбар жөнүндө (алдын ала) сүйүнчү кабар айтамын»!. Анан качан ал (Мухаммад) аларга анык далилдерди алып келгенде (ыйман келтирүүнүн ордуна) «бул анык сыйкырго!» дешти
7Исламга чакырылганда Аллаһка жалаа жапкан адамдан заалымыраак ким бар?! Аллаһ заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт
8Аллаһтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаһ Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет
9Ал Өзүнүн пайгамбарын Туура Жол жана Акыйкат Дин менен — ал динди бардык диндерден үстөм кылуу үчүн — жиберди?. Эгер мушриктер жаман көрсө да
10О, ыйман келтиргендер! Мен силерди жан ооруткан азаптан сактап калчу «соодага» баштайынбы
11(Ал соода төмөндөгүчө:) Аллаһка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер, Аллаһтын Жолунда малыңар жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Ушул силер үчүн жакшы (соода) эгер билсеңер
12(Ошондо Аллаһ) силердин күнөөңөрдү кечирип, түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге жана Адн (түбөлүктүүлүк) бейиштериндеги пакиза жашоо жайларына киргизет. Бул — Улуу Жеңиш
13Дагы силер жакшы көргөн нерсени (да Аллаһ силерге белек кылат. Ал —) Аллаһтын жардамы жана жакында келе турган жеңиш! (О, Мухаммад! Сен ушул жеңишти) ыймандууларга сүйүнчүлө
14О, ыйман келтирген пенделер! Аллаһтын (дининин) жардамчылары болгула! Ушул сыяктуу Марямдын уулу Ыйса дагы шакирттерине «Аллаһ Жолунда ким мага жардамчы болот?» дегенде, шакирттери «Биз — Аллаһтын жардамчылары!» дешкен. Анан, Исрайил урпактарынан бир тайпасы (Ыйсанын динине) ыйман келтирип, дагы бир тайпалар каапыр болушту. Биз ыйман келтиргендерди душмандарынан кубаттуу кылдык эле, натыйжада алар жеңип чыгышты
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath