56. Аль-Ваакия
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1(Кыяматтык) окуя болгондо
2Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт
3Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү
4Жер катуу силкинип, титирегенде
5Тоолор дагы талкаланып
6чаң-тозонго айланганда
7Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө
8Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)
9Жанасол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)
10Алдыңкылар — алдыңкылар
11Ошолор (Аллаһка) жакын болгондор
12Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат
13(Наим бейишине) абалкы момундардан көбүрөөк жамааттар
14Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт)
15Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө
16жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат
17(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт
18Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен
19Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт
20(Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен
21табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт)
22Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар
23(Седепте) жашынган бермет сыяктуу
24Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына
25(Бейишилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт
26Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат
27Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)
28(Алар) тикенсиз «Сидр»! дарагынын арасында
29Мөмөлүү банан бактарында
30Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө
31(Шар) аккан суулар(дын боюн)да
32Көп мөмө-жемиштердин ичинде —
33Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн
34(Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө
35Биз аларды (Бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык
36Биз аларды бикир* кылып жаратып
37Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук
38Оң тарап ээлери үчүн
39Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан көп жамааттар
40Акыркылардан азыраак жамааттар
41Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)
42Алар «самум» менен «хамимдин!»!ичинде
43жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»
44Анын салкыны да жок, көркү да жок
45Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле
46Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан
47Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз
48Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)»-дешкен
49(Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы
50Белгиленген күндүн убадасына чогултулат
51Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар
52«Заккум» дарагыңн(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер
53Аны менен курсагыңарды толтуруп
54Үстүнөн кайнак суу ичесиңер
55Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»
56Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» — ушул
57(О, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле
58Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү
59Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы
60Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз
61Силерге окшогондорду (кыйратып, башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга
62Билесиңерго, (Аллаһ жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби
63Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы
64Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү
65Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып
66«Чынында биз зыянга баттык
67(Ырыскыдан) кол жууп калдык!»-демексиңер
68Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы
69Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү
70Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы
71Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы
72Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби
73Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн
74Эми (о, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула
75Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин
76Бул өтө улук ант, эгер билсеңер
77Ал- Улук Кураан
78Сакталган-жашыруун Китепте
79Аны (Кураанды) таза адамдар гана кармайт
80Ал—- ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн
81Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы
82Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы
83(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе
84Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар
85(Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр
86Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор
87(Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор
88Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо
89(Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр
90Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо
91Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун
92Эгерде ал адашкан жана (Кураанды) «жалган» дегендерден болсо
93Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип
94Тозокко ташталат
95Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат
96Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath