55. Ар-Рахман
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Ар-Рахман
2Кураанды таалим берди
3Инсанды жаратты
4(Жана) ага баянды — сөздү үйрөттү
5Күн дагы, Ай дагы (Аллаһ койгон) эсеп менен (айланат)
6Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат
7(Аллаһ) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту
8Таразада кыянат кылбагыла деп
9Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла
10Ал жерди калк-калайык? үчүн (мекен) кылды
11Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар
12Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар
13Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
14Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты
15Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты
16Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
17Ал эки чыгыш менен эки батыштын? Раббиси
18(О, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
19Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды
20(Бирок), ортосунда (Аллаһ койгон) тосмо бар: өтүшпөйт
21Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
22Алардан (Аллаһ) берметтерди, шуруларды чыгарат
23Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
24(Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү
25Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
26Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу
27Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк
28Эми, (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
29Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө
30Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
31О, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз
32Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
33О, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар — кете бергиле. (Аллаһтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар
34Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
35Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар
36Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
37Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат
38Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
39Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт
40Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
41Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат)
42Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
43Күнөөлүүлөр жалган деген тозок — ушул
44Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат
45(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
46Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет
47(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
48Эки бак тең бутактуу.”
49(Эй, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
50Экөөндө тең агып турган булактар
51Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
52Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар
53Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
54(Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки Бейиштин тең мөмөлөрү ийилген
55(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
56Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар
57(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
58Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу
59Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
60Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес
61Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
62Эки Бейиштен ылдыйраакта дагы эки Бейиш бар
63Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
64Эки (күмүш) Бейиш тең жашыл түстө
65Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
66Экөөндө тең атырылган булактар
67Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
68Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар
69Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
70Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер
71Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
72Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган
73Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
74Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген
75Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
76Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат
77Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
78Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси — Раббиңдин ысымы таберик
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath