Ислам
артка

54. Аль-Камар

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү

2Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул — ар дайымкы сыйкыр»-дей баштады

3Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат

4Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле

5(Аларга келген Кураан) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт

6Сендагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө

7Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат

8Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет

9Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан

10Анан ал Раббисине дуба кылып: «О, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!»-деп дуба кылды

11Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик

12Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан... (Аллаһ тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду

13Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк

14Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты

15Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен

16Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур

17Биз Кураанды эскергенге! жеңил кылдык. Кана, ким эскерет

18Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду

19Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик

20Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты)

21(Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен

22Биз Кураанды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы

23Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып

24(Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте кала-быз

25Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам

26Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин

27(О, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур

28Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын

29Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди

30(Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун

31Биз аларга бир чаңырык? жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты

32Биз Кураанды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы

33Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты

34Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык

35Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз

36(Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи

37Жана анын мейманын? (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын

38Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди

39Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын

40Биз Кураанды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы

41Жана Фираун адамдарына дагы эскертүүлөр келген

42(Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык

43(О, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы

44Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби

45Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат

46Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат — аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак

47Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта

48Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат)

49Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз

50Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат)

51Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы

52Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар

53Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган

54Чынында, такыба адамдар Бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а

55Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath