Ислам
артка

53. Ан-Нажм

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Батып бара жаткан жылдызга ант

2(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес

3Жана ал өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып сүйлөбөйт

4Ал сүйлөгөн сөздөр (Аллаһтан келген) вахий кабарынан башка эмес

5Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн

6Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү

7жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)

8Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди

9Эки жаа бою же андан да жакыныраак

10Анан (Аллаһ анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды

11(Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады

12(Эй, мушриктер!) Силер Мухаммад менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы

13(Мухаммад) аны (Жебирейилди) экинчи ирет дагы көрдү

14«Сидратул мунтахаанын»? алдында

15«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында

16Капысынан (Аллаһтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды

17(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди

18Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү

19«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы

20«Манатка» дагы, алардын 1 үчүнчүсү

21Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи

22Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката

23Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллаһ аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан Туура Жол келген болчу

24Же инсан каалаганын жасай береби

25Акырет дагы Дүйнө дагы Аллаһга таандык

26Асмандарда канча периште болсо, Аллаһ Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок

27Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат

28Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт

29Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл

30Алардын илимден жеткен чеги — ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким Туура Жол тапканын билип турат

31Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (Бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһка таандык

32Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен.! Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллаһ такыбаларды да эң жакшы билет

33Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы

34Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат

35Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы

36Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби

37(Аллаһтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы

38(Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт

39Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган)

40Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт

41Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет

42Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат

43Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү

44Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү

45Эркек-аял — эки жупту жараткан да Анын Өзү

46(Жатындарга) атырылган бел суудан

47Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши

48Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү

49(Мушриктер сыйынган) Шеьранын! Раббиси да Анын Өзү

50Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү

51Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай

52Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан заалым коом болушкан

53«Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү)

54Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды

55Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайсы ишинен шектенесиң

56Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири

57Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды

58Аны(н качан болушунун сырын) Аллаһтан башка эч ким ача албайт

59Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Кураандан) таң калып жатасыңарбы

60(Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы

61Силер (ага) көңүл бурбадыңар

62Эми (ынсапка келип) Аллаһка сажда жана ибадат кылгыла

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath