51. Аз-Заарият
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1(Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант
2Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант
3Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант
4(Аллаһтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант
5(О, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе? — бул чындык
6Жана Кыямат сөзсүз болуучу
7Кооз-көркөм асманга ант
8(Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр)
9Андан (Кураандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат
10Жалганчыларга өлүм
11Алар наадандык толкундарында адашкандар
12(Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?»-деп сурашат
13Ал Күнү тозокто азап тартышат
14(Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр — ушул» (деп айтылат)
15(Ал эми) такыба кишилер Бейиштерде, булактарда
16Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан
17Алар түндөсү бир аз эле укташкан
18Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан
19Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын? акысы болгон
20Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллаһтын Кудуретине) белгилер бар
21Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы
22Асманда силердин ырыскыңар! жана силерге убада кылынган нерселер бар
23Асман жана жердин Раббисине ант, (о, инсандар) албетте ал (Аллаһтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат
24(О, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле
25Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди
26Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди
27Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди
28Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун»-дешти алар жана ага (келечекте) аалым (боло турган) перзенттин куш кабарын беришти
29Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!»
30«Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» -дешти (периштелер)
31«О, элчилер, эмне жумуш менен?» деди. (Ибрахим)
32(Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик
33Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн
34Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган
35Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык
36Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн! башка мусулмандарды таппадык
37Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык
38Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фираунга анык далил (дин) менен жибердик эле
39(Фираун) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди»-деди
40Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу
41Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр? шамалды жибердик
42Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду
43Жана Самуд (элинин окуясын) да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды
44Алар Аллаһтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады!”
45(Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады
46Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон
47Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз
48Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз
49Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер
50(Бардык күнөөдөн) Аллаһка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн
51Аллаһ менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн
52Ошентип, алардан (Макка мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен
53Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллаһка) каршы чыккан элдер
54(О, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң
55Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет
56Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым
57Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.”
58Чынында, Аллаһ бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү
59Эми, зулум кылган адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун
60Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath