Ислам
артка

49. Аль-Хужурат

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1О,ыйман келтиргендер! Аллаһтын жана пайгамбарынын алдында (бир иш же сөз менен) жулунбагыла! Жана Аллаһтан корккула! Чынында, Аллаһ Угуучу, Билүүчү

2О,ыйман келтирген пенделер! Добушуңарды пайгамбардын добушунан бийик көтөрбөгүлө! Билбестиктен улам (сооптуу) ишиңер «күйүп кетпеши» үчүн, бири-бириңерге кыйкырып сүйлөгөндөй ага (пайгамбарга) кыйкырып сүйлөбөгүлө

3Чынында, Аллаһтын элчисинин алдында добушун төмөндөткөн адамдар гана, Аллаһ алардын жүрөктөрүн такыбалык үчүн сынаган (жана сыноодон өткөн) кишилер. Аларга (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук сооп бар

4(О, Мухаммад), чынында, сага бөлмөлөрдүн артынан кыйкырган кишилердин көпчүлүгү акылын иштетпеген адамдар

5Эгер алар, сен чыкканга чейин сабыр кылып турушканда өздөрүнө жакшы болмок. (Бирок), Аллаһ - Кечирүүчү, Боорукер

6О,ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир күнөөлүү адам (кандайдыр) кабар алып келсе, наадандык менен (ал жамандаган) коомду кайгы-капага салбашыңар үчүн жана жасаган ишиңерге бушайман болуп калбашыңар үчүн жакшылап (чын-төгүнүн) териштиргиле

7Жана билип алгыла, силердин араңарда Аллаһтын элчиси бар! Эгер ал көпчүлүк иштерде силерге моюн сунса, кыйналып каласыңар!! Бирок Аллаһ силерге ыйманды жакшы көргөзүп, аны менен жүрөгүңөрдү кооздоп койду жана силерге каапырчыкты, күнөөнү, (Өзүнө) каршы чыгууну жаман көргөздү. Ушул (сыпаттагы) адамдар гана, Туура Жолдогу кишилер

8Аллаһ тарабынан (берилген) пазилет жана нээмат (ушул). Аллаһ - Билерман, Даанышман

9Эгерде момундардан эки тайпасы өз ара согушуп калса, экөөнүн арасын оңдогула! Эгерде экөөсүнөн бири экинчисине зулум кылса, силер зулум кылганына каршы, Аллаһтын буйругуна кайтканга чейин согушкула! Эгер (тооба кылып, Аллаһтын өкүмүнө) кайтса, экөөсүнүн арасын адилеттик менен оңдоп (жараштырып) койгула! Жана (колуңардан келишинче) адилет кылгыла! Чынында, Аллаһ адил адамдарды сүйөт

10Чынында, (бардык) момундар — бир туугандар! Бир тууганыңардын арасын оңдогула! Жана Аллаһтан корккула! Ажеп эмес, ырайымына арзысаңар

11О, ыйман келтирген пенделер! Эч бир эл башка элди мазактабасын! Алар (мазакталгандар) булардан жакшыраак болуп калуусу толук мүмкүн. Жана эч бир аялдар башка аялдарды шылдыңдабасын, алар булардан жакшыраак болуп калышы мүмүкүн. Өзүңөрдү-өзүңөр (жаман) ылакаптар менен мыскылдабагыла! Ыймандын артынан бузук ысым (менен аталуу) кандай жаман! Ал эми, кимде-ким тооба кылбаса, алар — заалымдар

12О,ыйман келтиргендер! Күмөнчүл болуудан сактангыла! Чынында, кээ бир күмөндөр күнөө.! Жана бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өз бир тууганынын этин жегенди жактырабы?!” Жактырбайсыңарго! Аллаһтан корккула! Чынында, Аллаһ тообаларды Кабылдоочу, Боорукер

13О, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам-Ата менен Хаваа-Энеден) жаратып, өз ара таанышып-билишиңер үчүн улуттарга, урууларга (бөлүп) койдук. Аллаһтын назарында силердин эң улугуңар — такыбалуураак болгонуңар. Аллаһ чынында, Билүүчү, Кабардар

14Бедуиндер: «Биз ыймандуубуз»-дешет. Айткын: «Ыймандуу эмессиңер, бирок «Исламга кирдик»-дегиле. Ыйман силердин жүрөгүңөргө толук жете элек»!. Жана эгер Аллаһка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, Ал силердин амалыңардан эч нерсени кемитпейт. Чынында, Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу

15Албетте, Аллаһка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан (өз ыйманынан) шек санабаган жана Аллаһтын жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар гана (ыйманында) чынчыл кишилер

16(О, Мухаммад, акылысыз адамдарга) айткын: «Аллаһка диниңерди билдирип койоюн дедиңерби? Аллаһ асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселерди (ошонун арасында силердин жүрөгүңөрдөгү ой-максатыңарды да) билет. Жана Аллаһ - бардык нерселерди Билүүчү»

17Алар сага өздөрүнүн мусулман болгондуктарын милдет (колко) кылышат. Айткын: «Исламга киргениңерди колко кылбагыла! Тескерисинче, Аллаһ силерди Туура Жолго баштаганын колко кылат, эгер (ыйманыңарда) чынчыл болсоңор»

18Чынында, Аллаһ асмандардагы жана Жердеги кайыптарды билет. Аллаһ силер жасаган иштерди Көрүүчү

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath