47. Мухаммад
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1(Өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллаһтын жолунан тоскон адамдардын амалдарын (Аллаһ Таала) жокко чыгарды
2Аллаһ ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган жана Мухаммадга түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга), чынында, ал Раббиси тарабынан келген Акыйкат деп ишенген адамдардын (чоң-кичине) күнөөлөрүн өчүрүп, (жүрөктөрүн жана) иштерин оңдоп койот
3Мунун себеби, каапыр адамдар жалганды ээрчишет, ыйман келтиргендер Раббисинен келген Акыйкатты ээрчийт. Аллаһ адамдарга өздөрүнүн мисалдарын ушинтип келтирет
4Эгер каапырларга (согуш мезгилинде) жолугуп калсаңар, мойнуна (кылыч) ургула! Эми, качан аларды жеңип алсаңар, (тирүү калгандарын) туткундагыла! Андан кийин же эч нерсе албай, азат кылып жибересиңер, же болбосо төлөм-акы алып (андан соң) коюп жибересиңер. (Бул өкүм) согуш (абалы) бүткөнгө чейин. Ушундай. Ал эми, (эгер) Аллаһ кааласа аларды (согушсуз эле) жеңип коймок. Бирок, бирөөңөрдү бирөөңөр менен сынап (тандап) алуу үчүн (согушка буюрду). Жана Аллаһтын жолунда өлтүрүлгөн адамдардын амалдарын (Аллаһ) эч качан текке кетирбейт
5Аллаһ аларды (Бейиш жолуна) жолдойт жана (эки дүйнөдө) иштерин оңдойт
6Жана аларды өздөрүнө (Кураанда) тааныткан Бейишке киргизет
7О,ыйман келтирген адамдар! Эгер Аллаһка (Анын динине) жардам берсеңер,! Аллаһ дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат
8Каапырлар жоголсун! (Аллаһ) алардын амалдарын жокко чыгарат
9(Мунун себеби, алар Аллаһ түшүргөн нерсени Кураанды) жаман көрүштү. Анан (Аллаһ) алардын амалдарын текке кетирди
10Алар жер бетин кезип, өздөрүнөн мурунку (каапыр) коомдордун (коркунучтуу) акыбети кандай болгонун көрбөйт беле? Аллаһ алардын ойронун чыгарды го! Жана (азыркы) каапырларга да ошол сыяктуу иштер бар
11Мунун себеби, Аллаһ ыймандуу адамдардын жардамчысы. Ал эми, каапырлардын жардамчысы жок
12Чынында, Аллаһ ыймандуу жана жакшы амалдарды жасаган пенделерин түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Каапырлар болсо, (бул дүйнөдө) пайдалана беришет жана айбандар сыяктуу жеп-ичишет. Алардын орду - тозок
13(О, Мухаммад!) Биз, сени чыгарып жиберген шаарыңдан да кубаттуураак болгон нечендеген шаарларды кыйратып салганбыз. Анан аларга (эч кандай) жардамчы болбой калган
14Раббиси тарабынан (жиберилген) анык баян-далилдин үстүндө болгон киши, жаман иши өзүнө (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана напсинин каалоолорун (гана) ээрчиген адамга окшоп калмак беле
15Такыба кишилер үчүн убада кылынган Бейиштин мисалы: анда ичүүчүлөр үчүн (даамы, жыты, түсү) бузулбаган суу дарыялары, даамы айныбаган сүт дарыялары, ылаззаттуу шарап дарыялары жана таза-пакиза бал дарыялары бар. Анда алар үчүн ар түрдүү мөмөлөр жана Раббисинен кечирим бар. (Ушундай бейишке түшкөн адам) тозокто түбөлүк калып, (удаама-удаа) кайнак суу ичирилип, натыйжада ичегилери үзүлүп кеткен адамга окшойбу
16Алардын (мунафыктардын) арасынан кээ бирөөлөрү сага (жүрөгү менен берилбей) кулак салышат. Ал эми, качан сенден чыкканда (берилип уккан) илимдүү адамдардан «(Мухаммад) азыр эмне деди эле?» деп сурашат. (Мунун себеби) Аллаһ алардын жүрөктөрүнө мөөр басып койгон. Алар өз каалоолорун гана ээрчиген адамдар
17(Аллаһ) Туура Жолго түшкөн адамдардын хидаятын дагы да көбөйтөт жана аларды такыбалуу кылат
18Эми алар (мунафыктар) өздөрүнө капысынан Кыямат келип калышын башка эч нерсени күтүшпөйт. Кыяматтын (кээ бир) белгилери келип да калды! Анан эгер Кыямат келип калса, алардын эскерме-сабак алуулары кайдан мүмкүн болсун
19(О, Мухаммад!) Билгин, эч бир кудай жок, жалгыз Аллаһ бар! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн жана момун эркек, момун аялдар үчүн Аллаһтан кечирим сура! Аллаһ силердин (бардык) кыймыл-аракетиңерди жана (кыймылсыз турган) ордуңарды билет
20Ыйман келтирген адамдар «(Аллаһ жолунда жихад кылуу жөнүндө тезирээк) бир сүрө түшсө экен!» дешет. Ал эми, качан гана анык бир сүрө түшүп, анда согуш (жихад) эскертилгенде, жүрөктөрү соо эмес (эки жүздүү) адамдар сени, өлүм келгенде өзүн жоготуп койгон адамдын көз карашы менен карап калганын көрөсүң. Алар үчүн ылайыгыраак эле —
21— (аятка) моюн сунуулары жана («моюн сундук» деген) жакшы сөздөр(дү айтуулары). Качан аларга (ушул сыяктуу) олуттуу бир буйрук келгенде жана (ал буйрукка дароо моюн сунуп) Аллаһты(н сөзүн) тастыктаса өздөрүнө жакшы болмок
22Эгер (Аллаһтын өкүмүнөн) жүз бурсаңар жер бетинде бузукулук иштерди жасашыңар жана (өз ара) тууган-урукчулугуңарды үзүп жиберишиңер мүмкүн
23Андай адамдарга Аллаһ наалат айтып, кулактарын дүлөй, көздөрүн сокур кылат
24Алар Кураан жөнүндө ойлонушпайбы? Же жүрөктөрүндө кулпу барбы
25Өздөрүнө Туура Жол анык болуп калгандан кийин, дагы эле артка (динден каапырчылыкка) кайткан адамдарга (иштерин) шайтан кооз көргөзүп, (жалган кыялдарга) үмүттөндүрүп койду
26Бул (каргышка калуунун себеби) алар, Аллаһ түшүргөн нерсени (динди) жаман көргөн кишилерге: «Биз кээ бир иштерде силерге моюн сунабыз»-дешти. Аллаһ алардын сырларын билет
27(Өлүм) периштелер(и) алардын беттерине, аркаларына чапкылап (кыйнап) жандарын (сууруп) алып жаткан (азаптуу) мезгилде (алардын абалы) кантээр экен
28Мунун себеби, алар Аллаһтын ачуусун келтирчү иштерди ээрчип, Анын ыраазычылыгын жаман көрүштү. Анан Аллаһ алардын амалдарын «хабата»! кылып койду
29Же болбосо, жүрөгү соо эмес адамдар, Аллаһ алардын ичине каткан душманчылыктарын (ачыкка) чыгара албайт деп ойлоштубу
30Эгер Биз кааласак, сага аларды көргөзүп коймокпуз жана сен аларды көрүнүшүнөн эле таанып алмаксың. (Бирок) сен эми аларды сөздөрүнүн «күүсүнөн» тааныйсың. Аллаһ силердин амал-ишиңерди билет
31Биз силердин араңардан (чыныгы) жихад кылуучулар менен сабырдуу момундарды сынап (тандап) алганга чейин жана силердин (чыныгы) кабарыңарды билгенге чейин (ар түрдүү сыноолор менен) сынай беребиз
32Чынында, (өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллаһтын жолунан тоскон жана өздөрүнө Туура Жол анык билинип калгандан кийин деле (ар түрдүү бузукулук менен) пайгамбарды машакат-түйшүккө салган адамдар Аллаһка эч нерсени зыян жеткире алышпайт! Жана (Аллаһ) алардын иш-аракеттерин текке кетирип койот
33О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Жана (Аллаһтын аяттарына каршы чыгуу менен) ишиңерди жараксыз кылып албагыла
34Аныгында, каапыр болуп (адамдарды) Аллаһтын жолунан тоскон (жана) андан соң каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардын күнөөлөрүн Аллаһ эч качан кечирбейт
35(О, момундар! Силер жихад мезгилинде) жалкоолук кылбагыла! Жана колуңар (душмандан) бийик келип турган абалыңарда (аларды) тынчтыкка чакырбагыла! Аллаһ силер менен бирге! Жана Ал силердин (сооп) амалыңарды кемитпейт
36Чынында, дүйнө жашоосу оюн жана тамаша. Эгерде силер ыймандуу жана такыбалуу болсоңор Аллаһ силерге сооп-сыйлыгыңарды (толук) берет жана мал-мүлкүңөрдү(н бардыгын Аллаһ жолуна чыгарууну) сурабайт
37Эгер (Аллаһ) силерден аны (мүлкүңөрдү) сурап, түйшөлтсө, сараңдык кыласыңар жана Ал силердин (жүрөгүңөрдөгү) жек көрүүнү ашкерелеп койот
38О, силер, Аллаһ жолунда (мал-мүлк) чыгарууга чакырылган адамдар! Силерден кээ бирөөлөр сараңдык кылаар. Кимде-ким сараң болсо ал өз жанына (Бейишке киришине) сараңдык кылган болот. Аллаһ (силердин мал-мүлкүңөргө) муктаж эмес! Өзүңөр (Аллаһка) муктажсыңар! Эгер (Аллаһтын динин колдоодон) жүз буруп кетсеңер, Ал силерди (жок кылып) ордуңарга башка коомду алмаштырып койот. Кийин алар силер сыяктуу (бакыл, Аллаһтын аяттарына каршы чыгуучу) болушпайт
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath