Ислам
артка

37. Ас-Саффат

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Саптарткан периштелерге ант ичип

2(Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант ичип

3(Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант ичип (айтамын)

4Силердин кудайыңар чынында Жалгыз

5(Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси

6Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук

7Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык

8Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.? (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат

9(Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар

10Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет)

11Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Чынында, Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз

12Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат

13Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт

14Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат

15Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет

16(Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби

17Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» - дешет

18Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер)

19Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»

20Жана: «О, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат)

21«Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»

22«Заалым (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула

23Аллаһтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла

24Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.! Алардан суралат

25«Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!»

26Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар

27(Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат

28(Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурла-гансыңар)»

29(Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар

30Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер

31Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз

32Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек»

33Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат

34Албетте, Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз

35(Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллаһ бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен

36Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу)

37Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган

38(О, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар

39Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар

40Ал эми Аллаһтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери

41Аларга белгиленген ырыскылар бар

42Мөмө-жемиштер.., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда

43Эң жакшы (нээматтуу) Бейиштерде

44(Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат)

45Аларга (Бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат

46Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу

47Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт

48Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң көз сулуулар бар

49Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу

50(Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт

51Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле

52Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы

53Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?»-деген. (Бейиши Адам шериктерине)

54«Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди

55Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди)

56«Аллаһка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң

57Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын

58Биз өлбөптүрбүзбү

59Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык

60Албетте, бул чоң жеңиш

61Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»

62(О, адамдар!) ушул (Бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум? дарагы жакшыбы

63Биз аны заалымдарга азап болушу үчүн жараттык

64Ал-тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак

65Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт

66Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет

67Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет

68Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат

69Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллаһтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле

70Ошолордун изинен чуркап кетишти

71Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен

72Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек

73Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун

74Ал эми, Аллаһка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок

75(Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«О, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз

76Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын!) чоң балээден куткардык

77Жана анын (кемеге чыккан) урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык

78Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык

79Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун

80Албетте, Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз

81Чынында, ал Биздин момун пенделерибизден болчу

82Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик

83Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (тавхидди кармаган пенделерден) эле

84Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди

85(Жана) атасы менен коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар

86Аллаһтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы

87Ааламдардын Раббиси (Аллаһ) жөнүндө кандай ойлойсуңар?» (Күндөрдүн биринде чоӊ элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал)

88Жылдыздарга бир карап алып

89«Мен ооруп турам»-деди

90Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти

91Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»

92Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» -деди

93Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду)

94(Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып)

95Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы

96Силерди да, силердин ишиңерди! да Аллаһ жараткан

97(Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла

98Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук

99(Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени Туура Жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды)

100«О, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!»

101Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик

102Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «О, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атаке,— деди ал-буюрулганды аткара бериңиз. Аллаһ кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз»

103Экөөсү (Аллаһтын амирине) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда

104«О, Ибрахим! — деп добуш кылдык —

105Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз»

106Чынында, бул анык сыноо болгон

107Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик

108Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык

109Ибрахимге (Аллаһтын) салам(ы) болсун

110Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз

111Чынында ал Биздин момун пенделерибизден болгон

112Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири

113Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылгаңн(дар) да чыкты

114Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык

115Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык

116Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту

117Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип

118Туура Жолго баштадык

119Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык

120Муса менен Харунга салам болсун

121Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз

122Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден

123Иляс! дагы элчи-пайгамбарлардан эле

124Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы

125Эң мыкты Жаратуучуну (Аллаһты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы

126Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллаһ эле го?!»

127Бирок, коому ага моюн сунбады. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту

128Ал эми, Аллаһтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес)

129Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу) калтырдык

130Иляска (Аллаһтан) салам болсун

131Чынында, Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз

132Ал Биздин момун пенделерибиздин бири

133Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле

134Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш - балээсинен) куткарганбыз

135Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон)

136Анан Биз башкаларды кыйраттык

137(Эй, Макка мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөрго, эрте менен

138жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби

139Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири

140Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду

141Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды

142Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди

143Эгер ал Аллахты аруулаган пенделерден болбогондо

144Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек

145Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле

146Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук

147Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек

148Анан алар (тооба кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык

149(О, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү

150Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү

151Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет

152«Аллаһтын баласы бар». Алар — жеткен жалганчылар

153(Аллаһ) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы

154Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар

155(Аллаһтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби

156Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Кураандан башка ыйык китеп түштүбү)

157(Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор

158Алар Аллаһ менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет

159Аллаһ алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза

160Ал эми, Аллаһтын жакшы амал кылган пенделери (Аллаһты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт)

161(О, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы

162эч кимди адаштыра албайсыңар

163(Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар)

164(Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар

165Жана биз (Аллаһтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз

166Жана биз, чынында (Аллаһка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалган-чылыгы ашкереленет)

167Алар айтышат

168«Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо

169Биз деле мухлис (Аллаһтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз»

170Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат

171Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган

172«Чынында алар гана жардам берилген адамдар

173Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»

174Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур

175Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат

176Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы

177Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңдары жаман (караңгы) болуп калат

178Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур

179Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат

180Кудуреттүүлүк Ээси — Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза

181Пайгамбарларга салам болсун

182Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоолор болсун

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath