Ислам
артка

32. Ас-Сажда

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Алиф. Лам. Мим

2(Бул) Китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Раббиси тарабынан. Анда (эч бир) шек-күмөн жок

3Же болбосо алар (Макка мушриктери) «аны (Мухаммад) ойунан чыгарып (жазып) алды» дешеби? Жок (андай эмес). Ал Раббиң тарабынан (мушрик) коомду эскертишиң үчүн (берилген) Акыйкат. Аларга сенден мурун эскертүүчү (пайгамбар) келген эмес.” Кана эми, Туура Жолго түшүп калышса

4Аллаһ асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык жандуу-жансыз) нерселерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду?. Силер үчүн Аллаһтан башка дос-башчы да шапаат кылуучу да жок. Эсиңерге келбейсинерби

5Асмандан жерге чейин (бардык) ишти (Аллаһ Өз өкүмү менен) башкарат. Кийин силердин эсебиңерде миң жылга барабар болгон бир эле күндө (ал өкүмдөрдүн жыйынтыгы) Өзүнө көтөрүлөт

6Ушул (Аллаһ) кайыпты да ашкерени да билүүчү Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу

7Алар бир нерсени эң мыкты жараткан жана инсандын алгачкы жаралышын ылайдан жасаган

8Кийин анын урпактарын жийиркеничтүү (бир тамчы) суудан жаратты

9Кийинаны (кадыресе адам кейипинде) ырастап-келиштирди жана ага Өзүнүн Рухунан үйлөдү.! Жана (Аллаһ) силерге кулактарды, көздөрдү жана жүрөктөрдү жаратты. Аз шүгүр кылып жатасыңар

10(Мушриктер) айтышат: «Эгер биз жерде (чирип) жок болуп кетсек да жаңыдан жаратылат бекенбиз?!» Жок! Алар Раббилерине жолугууга ишенишпейт

11Сен айткын: «Силерге өкүл кылынган (дайындалган) өлүм периштеси? жаныңарды алат. Кийин (Кыяматта кайра тирилип) Раббиңерге кайтарыласыңар»

12(О, Мухаммад!) Эгер сен күнөөкөр (каапыр) адамдарды, Раббилеринин алдында баштарын шылкыйтып: «О, Рабби! (Кыяматтын жана кайра тирилүүнүн бар экенин) көрдүк, уктук. Эми бизди артка кайтар, анык ишенүүчү болгон абалда салих амал кылабыз» дегенин бир көрсөң эле

13Эгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын (Туура Жолун) бере алмакпыз. Бирок, Менин: «Бардык (каапыр) инсандар жана (каапыр) жиндер менен тозокту толтурамын!»-деген сөзүм акыйкат (өкүм) болуп калган

14(Тозокко ташталып жаткан мушриктерге:) «Эми, ушул күнүңөрдөгү жолугушууну унут-каныңар себептүү (азап) тарткыла! Биз да силерди «унуттук». Жана кылмышыңарга жараша түбөлүк азапты тарткыла!»-(деп айтылат)

15Чынында, Биздин аяттарыбызга, аларды эскертилгенде сажда кылган абалда жыгылган жана текеберленбей Раббисине мактоолор айткан адамдар ыйман келтиришет

16Алардын жамбаштары (өздөрү) жатаар орундарынан ыраак (көбүнчө ибадатта) болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат. Жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака кылышат

17Эч бир (момун) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн өздөрүнө (Бейиште) жашыруун даярдап коюлган кубанычтарды билбейт

18Момун (пакиза) адамдар бузук (күнөөкөр) адамга окшойбу? Жок, тең болбойт

19Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар үчүн Бейиш орундары бар. Жасаган амалдарына жараша зыяпат иретинде

20Бузук (каапыр) адамдардын жайы-тозок! Ар качан андан чыгууга аракеттенишсе, ага кайтарылышат жана аларга: «Өзүңөр «жалган» деген тозоктун азабын таткыла!»-деп айтылат

21Жана эч бир шексиз Биз аларга чоң азапка чейин, жакыныраак (төмөнүрөөк) азапты да таттырабыз. Кана эми, (ушуну ойлоп күнөөлөрүнөн) кайтышса

22Раббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн заалым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкер адамдардан өч алабыз

23Биз чынында Мусага Китепти (Тооратты) бердик. (О, Мухаммад!) сен анын (Тооратка) жолукканы жөнүндө шек-күмөндө болбогун! Биз Тооратты Исрайил урпактарына хидаят (Туура Жол) кылдык

24Жана Биз Исрайил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, Туура Жолго баштаган жолбашчы-имамдарды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү

25Албетте, Сенин Раббиң, Кыямат Күндө алар талашкан маселелерде, алардын арасында Бир Өзү ажырым кылып берет

26Аларга чейин нечендеген (каапыр) муундарды (өз пайгамбарын «жалганчы» дегени себептүү) кырып-жоюп салганыбыз аларды Туура Жолго баштабайбы?! Ошолордун жашаган жерлеринен (ары-бери) өтүп жүрүшөт го?! Чынында, бул нерседе (Аллаһтын кудуретине) чоң белгилер бар. (Аллаһтын аяттарына) кулак салышпайбы

27Алар ойлонушпайбы, Биз суусаган жерге суу айдап, аны менен өздөрү жана айбандары жей турган өсүмдүктөрдү чыгардык. (Кудуретибизди) көрүшпөйбү

28Жана (момундарга): «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы), бул ачылыш! (Кыямат) качан болот?»-дешет

29Айткын: «Ачылыш (Кыямат) күнү каапырларга ыймандары пайда бербейт жана аларга (тооба кылуу үчүн) да мөөнөт берилбейт

30(О, Мухаммад!) Сен алардан жүзүңдү бур жана күтө бер алар да күтүп жатышат

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath