31. Лукман
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Алиф, Лам, Мим
2Булар- даанышман Китеп аяттары
3Жакшы амалдарды кылгандар үчүн Ырайым жана Туура Жол
4Алар намазды (толук) аткарышат, зекетти беришет жана Акыретке анык ишенишет
5Мына ушулар Раббилери тарабынан (жиберилген) Туура Жол үстүндө жана ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр
6Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллаһтын Жолунан тосо турган маанисиз сөздөрдү?” сатып алат жана аны (Кураанды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар
7Эгер ага Биздин аяттарыбыз окуп берилчү болсо, аны эч укпагандай, тим эле, кулагында дүлөйлүгү бардай текеберленип, тетири басып кетишет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын берип кой
8Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылгандарга нээмат Бейиштери бар
9Алар анда түбөлүккө калышат. Аллаһтын акыйкат убадасы-(ушул). Ал — Кудуреттүү, Даанышман
10(Аллаһ) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк
11Булар Аллаһтын жараткандары. Эми силер мага Аллаһтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Заалымдар анык адашууда
12Жана Биз Улукманга даанышмандык бердик (жана): «Аллаһка шүгүр кыл. Ким шүгүр кылса, өзүнүн пайдасына шүгүр кылат. Ал эми, Ким (нээматка) шүгүр кылбаса, Аллаһ Беймуктаж, Мактоого ылайык
13Бир кезде Улукман! баласына насаат кылып, (мындай) деди: «О, балам (ибадатта) Аллаһка шерик кошпогун! Ширк деген - бул чоң зулум
14Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну осуят (өкүм) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн соң) аны (көкүрөктөн) ажыратуу (убактысы) эки жыл. (О, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!»
15(О, Инсан!) Эгер сенин ата-энең сени өзүң билбеген нерселерди мага ширк келтирүүгө мажбурласа, аларга моюн сунбагын! Жана дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол! Мага тооба кылып, кайткан адамдарды ээрчигин! (Өлгөндөн) кийин Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңардын кабарын билдиремин
16О,уулум! Чынында ал (сен жасаган жакшы же жаман иш) сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (майда) нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде (калып калган) же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да Аллаһ аны таап келе алат. Аллаһ (абдан) Кылдат, (бардыгынан) Кабардар
17О, уулум! Намазды (ар дайым) окуп жүр, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен машакатка сабырдуу бол! Чынында бул (сабырдуулук) берилип аткарылчу иштерден
18Жана (текеберленүү менен) адамдардан жүзүңдү бурбагын! Жана жер бетинде оолугуп-обочолонуп жүрбөгүн! Чынында, Аллаһ текебер, мактанчаактардын эч кимисин сүйбөйт
19Басканда кичипейилдик менен бас, (сүйлөгөндө) добушуңду көтөрбө! Добуштардын эң жаманы эшектин добушу
20(О, инсандар!) Көрбөй жатасыңарбы, Аллаһ силерге асмандардагы жана жердеги нерселерди моюн сундуруп, силерди көрүнгөн-көрүнбөгөн нээматтарына бөлөп таштады?! Адамдардын арасында же илими, же (Аллаһтан келген) Нурдуу Китеби, же (пайгамбар көргөзгөн) Туура Жолу болбосо да Аллаһ жөнүндө талашып-тартыша берген кишилер бар
21Эгер аларга: «Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) ээрчигиле!» деп айтылса, «Жок, биз ата-бабаларыбызды кайсы жолдун үстүндө тапсак, ошого гана ээрчийбиз» дешет. Эгер шайтан аларды тозок азабына чакырып жатса дагы (ошенте беришеби)
22Жана кимде-ким (Аллаһка Аны көрүп тургандай) ибадат кылып, жүзүн (өзүн) Аллаһка толук моюн сундура алса анда ал Бекем Арканды кармаптыр!! Иштердин акыбети-Аллаһка
23(О, Мухаммад!) Ким каапыр болсо, анын каапырлыгы сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан Биз аларга кылмыштарынын кабарын беребиз. Албетте, Аллаһ көкүрөктү ээлеген сырларды Билүүчү
24Биз аларды (бул дүйнөдө) бир аз пайдалантабыз. Кийин (Акыретте) катуу азап тартууга мажбур кылабыз
25Эгер сен алардан: «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллаһ» дешет. Сен «Аллаһка мактоо болсун» дегин.! Жок! Алардын көпчүлүгү билишпейт
26Асмандар жана Жерде болгон нерсенин бардыгы Аллаһтын мүлкү. Чынында, Аллаһтын Бир Өзү гана Беймуктаж, мактоого (ибадатка) татыктуу. (Анткени)
27Эгер жер бетиндеги (бардык) дарактар калемсап болсо жана деңиз (сыя болсо) бул деңиздин артында дагы жети деңиз жардамдашып (сыя болуп) турса да Аллаһтын сөздөрү түгөнбөйт! Чынында, Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман
28Силердин жаралышыңар жана кайрадан тирилишиңер бир эле жанга окшойт. Аллаһ Угуучу, Көрүүчү
29Көрбөй жатасыңбы, Аллаһ түндү күндүзгө, күндүздү түнгө (кантип) киргизгенин? Күн менен Айды (адамзатка кантип) кызмат кылдырып койгонун? Алардын бардыгы белгиленген мөөнөткө (Кыяматка) чейин айланат. Аллаһ силердин эмне жасаганыңардан Кабардар
30Анткени, Аллаһ чыныгы (Кудай). Ал эми, Андан башка, (мушриктер) дуба кылып жаткан нерселер жалган (кудайлар). Жана Аллаһтын Бир Өзү гана эң Жогору, Улук
31Деңиздеги кемелер силерге Аллаһтын белгилерин көргөзүш үчүн (жана) Аллаһтын нээматы себептүү сүзүп жүргөнүн көрбөй жатасыңбы?! Чынында бул нерседе сабыр кылуучу, шүгүр кылуучу адамдарга чоң белгилер бар
32Жана качан аларды(н кемелерин) тоодой толкундар ороп калганда гана Аллаһтын жалгыз Өзүнө дуба кылышат. Ал эми, (балээден) куткарып кургактыкка чыгарып койсо, алардан (көпчүлүк) бөлүгү Аллаһга толук берилбей калышат. Биздин аят-белгилерибизди кыянатчы, шүгүр кылбаган адамдар гана четке кагышат
33О, адамдар! Раббиңерден корккула! Жана атасы баласына, баласы атасына өз сообунан (жардам катары) эч нерсе бере албай турган Күндөн корккула! (Ал күндүн келишин Аллаһ убада берген). Аллаһтын убадасы-Акыйкат! Силерди дүйнө жашоосу(нун убактылуу арам жыргалдары) азгырып койбосун! Силерди азгыруучу Аллаһ(тын кечиримдүүлүгү) менен азгырып койбосун
34Кыямат качан болушун Бир Аллаһ гана билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Жана эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн да биле албайт. Чынында, Бир Аллаһ гана (бардыгын) Билүүчү, (бардыгынан) Кабардар
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath