30. Ар-Ром
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Алиф. Лам. Мим
2Рум (Персиядан) жеңилди.”
3Эңжакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет
4Бирнече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллаһтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө момундар сүйүнүп калышат
5Аллаһ Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу
6(Бул—) Аллаһтын убадасы. Аллаһ (эч качан) убадасын аткарбай койбойт. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт
7Алар (көпчүлүк адамдар) дүйнө жашоосун үстүртөн эле билишет. Бирок, Акырет жөнүндө эч нерсе билишпейт
8Алар өздөрү жөнүндө ойлонушпайбы?! Аллаһ асмандар менен жерди жана ал экөөнүн арасындагыларды (беймаксат эмес) Акыйкат менен убактылуу мөөнөткө гана жаратты. Бирок, адамдардан көпчүлүктөрү Раббилерине жолугууга (жана бул сыноо дүйнө жашоосунан эсеп берүүгө) ишенишпейт
9Алар жер жүзүн кезип, өздөрүнөн мурда жашагандардын акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү?! Алар булардан (азыркы каапырлардан) кубаттуураак болушкан, жерде көбүрөөк из калтырышкан. Жана буларга караганда көбүрөөк (жакшыраак) имарат-курулуштар кылышкан. Кийин аларга пайгамбарлары (Аллаһтын) анык аят-далилдерин алып келген. Аларга Аллаһ зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты
10Кийин жамандык (күнөө иш) жасагандардын акыбети андан да жаман болду! Себеби, алар Аллаһтын аяттарын «жалган» дешкен жана аларды (аяттарды) шылдың кылышкан
11Аллаһ калк-калайыкты биринчи ирет жоктон бар кылган. Кийин аларды (дүйнөдө жашатып, өлтүргөн соң) кайрадан экинчи ирет жаратат. Кийин Анын Өзүнө кайтарыласыңар
12Кыямат кайым болгон Күнү күнөөкөр адамдар (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болушат
13Алардын (Аллаһка) шерик кылган «кудайлары» аларга шапаатчы (күнөөлөрүн жеңилдетүүчү) болбой калат. Жана (кийин) алар өз «кудайларына» каапыр болушат
14Жана Кыямат Күнү алар (жалган кудайлар менен алардын «пенделери» бири-бирин айыптап) бөлүнүп кетишет
15Ыйман келтирип, салих (сооп) амал кылган адамдар (Бейиш) бактарда көңүл ачышат
16Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызга жана Акыреттеги (Аллаһ менен) жолгушууга ишенбеген адамдар.., ошолор азапта калуучулар
17Түнгө кирип баратканда жана таңды утурлай Аллаһга тасбих? айткыла
18Асмандардагы жана жердеги бардык мактоо Өзүнө! Дигер мезгилинде? жана Бешим мезгилинде да (мактоо Өзүнө)
19(Аллаһ куш сыяктуу) тирик жандуудан, (жумуртка сыяктуу) өлүктү чыгарат. (Ал эми, жумуртка сыяктуу) өлүктөн тирик жандууну чыгарат жана жерди өлгөндөн соң кайра (жамгыр менен) тирилтет. (Анан ал өлүк жерден өсүмдүктөр өнүп чыгат) Силер дагы (Акыретте мүрзөлөрдөн) ушул (өсүмдүктөр) сыяктуу чыгарыласыңар
20Силерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен
21Жана Анын белгилеринен -алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени! жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар
22Жана Анын белгилеринен: Асмандар менен Жерди жаратканы, силердин тилиңер-ди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билгендер үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар
23Жана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз (дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллаһтын пазилетин издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе уга турган адамдарга белгилер бар
24Жана Анын белгилеринен: Коркушуңар жана үмүт кылышыңар үчүн! силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн? соң тирилтет. Албетте мында акылдуу адамдар үчүн белгилер бар
25Жана Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын амири менен (тынч, зыянсыз) турушу. (Андан) Кийин (Аллаһ) силерди чакыраар замат бардыгыңар Жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (Акыреттик сурак үчүн)
26Асмандарда жана Жерде болгондун баары Аллаһтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа-каалабаса) моюн сунат
27Ал калк-калайыкты (дүйнө-ааламды) жоктон бар кылган жана (Акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул иш Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман
28Ал силерге өзүңөрдөн мисал келтирди: Силердин кулдарыңар (жана күңдөрүңөр) арасында Биз силерге (менчик) ырыскы кылып берген нерселерде силерге шерик болчулары барбы? Кийин алар менен анда (мүлктү каржылоодо) тең болуп каласыңарбы? Алардан өзүңөрдө(гү эркин адамдарда)н корккондой коркот белеңер? Биз акылдуу адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз
29Жок! Заалымдар илимсиздиктен улам өз кызыкчылыктарын ээрчишти. Аллаһ адаштырганды ким Туура Жолго сала алат? (Акыретте) аларга жардамчы жок
30(О, Мухаммад!) Таухидге! баш ийип, жүзүңдү Динге бур! (Ислам Дини) — бул Аллаһ (жараткан) табият. Адамдарды ошол табият (Ислам) менен жараткан. Аллаһтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң Туура Дин — ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт
31Ага (тооба менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула
32Диндерин ажыратып, топ-топ болуп (бөлүнүп) алышкан (ошол мушриктерден болбогула!) Ар бир жамаат өз пикирлери менен гана курсант
33Качан адамдарды зыян торуганда гана Тообо кылып Раббисине (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллаһ) Өз ырайымын таттырганда, алардан бир тобу капыстан Раббисине ширк келтире башташат
34Алар (ширк келтиргендер) Биз берген нээматтарга каапыр боло беришсин. Силер дагы (о, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Жакында билип аласыңар
35Же Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле
36Биз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, үмүтсүздүккө түшүшөт
37Эмне, алар Аллаһ каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына ченеп беришин көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар
38Эми, (о, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, мискин-кедейге жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллаһтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (Бейишке) жетишет
39Адамдардын мал-мүлкүнүн арасында көбөйүшү үчүн пайдакордук (сүткордук) максатында (карыз) бергениңер Аллаһтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллаһтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) бир нече эсе көп пайда (сооп) табуучулар
40Силерди жараткан, андан кийин ырыскы берген, андан кийин жаныңарды алган, андан кийин (Кыяматта кайра) тирилткен — Аллаһ! Ушулардан эч бирин силердин (Аллаһка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алабы? Алардын ширктеринен Аллаһ Аруу жана Бийик
41Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) апаат(тар) пайда болду. Аларга кылмыштарын(ын азабын) таттырыш үчүн. Кана эми (Туура Жолго) кайтышса
42Айткын: «(О, каапырлар!) Жер жүзүн кезип, мурдагы (каапыр) коомдордун акыбети кандай болгонун көрүп (андан сабак) алгыла! Алардын көбү (Аллаһка) шерик кошуучу болушкан»
43Эми, сен (о, Мухаммад, эч ким) кайтара алгыс күн (Кыямат) Аллаһ тарабынан келип калганга чейин жүзүңдү туура динге (Исламга) буруп кал! Ал күнү (адамдар амалдарын көрүү үчүн) бөлүнүп калышат
44Ким каапыр болсо, каапырлыгы(нын зыяны) өзүнө. Ким жакшы амал кылса, өздөрүнө (Бейишти) даярдады —
45ыйман келтирип, салих амал кылгандарды Өзүнүн пазилети менен сыйлаш үчүн. Ал каапырларды сүйбөйт
46Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири): ырайымын силерге таттырыш үчүн, Өз амири менен кемелерди жүргүзүш үчүн жана Анын пазилетинен үмүт кылышыңар үчүн шүгүр кылсаңар ажеп эмес деп шамалдарды куш кабарчы кылып жибериши
47Биз (о, Мухаммад) сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жибергенбиз жана (элчилер) аларга анык далилдерди алып келишкен. (Баш ийбегенден кийин) Биз күнөөкөрлөрдөн өч алганбыз жана ыймандууларга жардам берүү Бизге ак милдет болгон
48Аллаһ шамалдарды жиберип (оор) булуттарды козгойт. Анан (Аллаһ) аларды асманда Өзү каалагандай жайат жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Эми качан (Аллаһ) аны (жамгырды) каалаган пенделерине жеткиргенде, капысынан сүйүнүп калышат
49Эгер алар өздөрүнө (жамгыр) жаадырылышынан бир аз эле, (ооба) бир аз эле мурун үмүтсүз болушса, (мына эми сүйүнүп калышты)
50Эми сен (о, адам) Аллаһтын ырайымынын (жамгырдын) белгилерине кара: Ал өлүк жерди кантип тирилткенине (кара)! Чынында, ушул (Аллаһ) өлүктөрдү да албетте тирилте алат! Ал ар нерсеге Кудуреттүү
51Ал эми Биз (эгиндерине ысык) шамал жиберип, алардын куурап калганын көргөндө, (Аллаһка) каапыр болуп калышат
52(О, пайгамбар!) Чынында сен (жүрөгү) өлүктөргө (сөз) угуза албайсың. Жана (сага) артын салып бара жаткан маалда (акыйкатты угуудан) керең болгондорго дааватты угуза албайсың
53(Чындыкты көрүүдөн атайлап) сокур болгондорду адашуучулугунан Туура Жолго баштай албайсың. Сен Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге гана (чындыкты) угуза аласың. Ошолор гана мусулмандар
54Аллаһ силерди алсыз (тамчы суудан) жаратты. Алсыздыктан (бөбөктүктөн) кийин күч-кубат(туу адам) кылды. Кубат(туулук) тан кийин (кайрадан) алсыздык жана карылыкка алып келди. Ал каалагандай жаратат. Ал-Билимдүү, Кудуреттүү
55Саат (Кыямат) болгондо күнөөкөр пенделер «(дүйнөдө) бир саат гана (жашап) турдук»-деп ант ичишет. Алар (Дүйнө жашоосунда да) ушундай жалганчылар болчу
56Анан ыймандуу, илимдүү адамдар (аларга) айтышат: «Аллаһ (Тагдырда) жазганы боюнча кайра тирилүү күнүнө чейин (жашап) турдуңар. Мына ушул — кайра тирилүү күнү. Бирок, силер муну билбейт (ишенбейт) элеңер»
57Ал күндө заалымдарга шылтоолору! пайда бербейт жана алардан (тооба менен Аллаһты ыраазы кылуу да) талап кылынбайт
58Биз бул Кураанда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Эгер сен аларга бир далил алып келсең, «Силер (мусулмандар) жалганчысыңар» дешет
59Аллаһ (чындыкты) билбегендердин жүрөгүнө ушинтип мөөр басат
60(О, Мухаммад!) Сен эми (бул дооматчыларга) сабыр кыл. Аллаһтын («жеңиш берем» деген) убадасы чындык. (Убадага) анык ишенбегендер сени бүлгүнгө салбасын
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath