29. Аль-Анкабут
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Алиф. Лам. Мим
2Адамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, (ар түрдүү машакаттар менен) сыналбай калабыз деп ойлошобу
3Чынында Биз алардан мурункуларды да (чоң машакаттар менен) сынаганбыз. Натыйжада Аллаһ («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду да билип алат, жалганчыларды да билип алат
4Жаман (күнөө) иштерди жасаган адамдар Бизден кутулуп кетебиз деп ойлошобу?! Алардын чечимдери кандай жаман
5Ал эми, ким (Кыяматта) Аллаһка жолугуудан үмүт кылса, Аллаһтын (Кыяматка) белгилеген убактысы (сөзсүз) келүүчү. Жана Ал Угуучу, Билүүчү
6Жана ким (өз напсисине, шайтанга жана Аллаһтын душмандарына каршы) жихад кылса, өзүнүн пайдасына жихад кылганы. Чынында, Аллаһ ааламдардан Беймуктаж
7Биз ыйман келтирип, салих амалдарды аткарган момундардын күнөөлөрүн өчүрүп, жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз
8Жана Биз инсанга, ата-энесине жакшылык кылуусун буюрдук. Анан эгер сенин ата-энең өзүң билбеген бир нерсени Мага шерик (кудай) кылышына сени кыйначу болсо, аларга моюн сунбагын. Менин Өзүмө гана кайтасыңар. Анан Мен силерге жасаган амалыңардын кабарын беремин
9Ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган адамдарды салих (бейиши болгон) адамдардын катарына кошобуз
10Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөр «Аллаһка ыйман келтирдик»-дешет. Бирок, Аллаһтын жолунда бир азапка жолугуп калчу болсо, адамдардын сыноосун Аллаһтын азабындай кабыл алат. Ал эми, эгер Раббиң тарабынан (мусулмандарга) жеңиш келип калса дароо «Биз силер менен бирге болчубуз» дешет. Аллаһ ааламдардын (адамдардын) көкүрөгүндөгү (жашырган) нерселерин билбейт бекен
11Аллаһ (чындап) ыйман келтиргендерди да, (эки жүздүү) мунафыктарды да анык билип турат
12Каапырлар ыймандууларга: «Биздин жолубузду ээрчигиле. Күнөө ишиңерди (мына) биз моюнга алабыз» дешет. Алардын каталарынан эч нерсени өз моюндарына алышпайт.! Чынында, алар-жалганчылар
13Жана алар (азгыргандар) өздөрүнүн күнөөсүн да көтөрөт, өз күнөөлөрү менен бирге башка күнөөлөрдү да көтөрөт жана Кыямат Күнү ойлоп тапкан күнөөлөрү жөнүндө сурак беришет
14Биз Нухту өз коомуна пайгамбар кылып жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миң жыл турду.* Анан аларды заалым болуп турган жеринде топон суу каптады
15Кийин Биз аны (Нухту) жана кемедегилерди куткардык жана кемени (бүт) ааламдарга (кудуретибизден) белги кылдык
16Жана Биз Ибрахимди да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал өз коомуна: «Аллаһка гана сыйынгыла! Андан такыба кылгыла! Эгер билсеңер, ушунуңар өзүңөргө жакшы
17Чынында, силер Аллаһтан башка буттарга ибадат кылып, (аларды «кудай» деп атап) жалаа жаап жатасыңар! Аллаһтан башка силер сыйынып жаткан «кудайыңар» силерге ырыскы берүүгө да кудуреттүү эмес! Ырыскыны Аллаһтан сурагыла жана Өзүнө гана ибадат кылып, жалгыз Өзүнө шүгүр кылгыла! (Анткени,) Өзүнө гана кайтып барасыңар
18Эгер (мени) «жалганчы» десеңер, силерден мурунку (каапыр) элдер дагы (өз пайгамбарын) «жалганчы» дешкен. Пайгамбардын милдети болгону анык жеткирип коюудан гана турат»
19Алар (инсандар) Аллаһ жаратылышты алгач ирет кандай жаратканына карап көрүшпөйбү? Анан (алардын бардыгын) кайра жаратат. Чынында, бул Аллаһ үчүн жеңил
20Айт, (о, Мухаммад): «Жер бетинде кезип жүрүп, (Аллаһ) жаратылышты (калк-калайыкты) абалкы ирет кантип жаратканына назар салгыла! Кийин Аллаһ (аларды Акыретте) экинчи ирет пайда кылат. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү!»
21Ал (Аллаһ) каалаган пендесине азап берет. Каалаганына ырайым көргөзөт. Силер Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар
22Силер жерде да, асманда да Аллаһтан кутула албайсыңар! Силерге Аллаһтан башка дос-жардамчы жок
23Аллаһтын аяттарына жана Ага жолугууга ишенбеген адамдар гана Менин ырайым-рахматымдан бейнасип калышат жана ошолорго гана жан ооруткан азап бар
24Ага (Ибрахимге) коомунун берген жообу: «Аны өлтүргүлө же болбосо, өрттөп салгыла» деп айтуудан башкача болбоду. (Ибрахимди улуу оттун ичине ыргытышты. Бирок) Кийин аны Аллаһ оттон (аман-эсен) куткарып алды. Албетте, бул окуяда ыймандуу коом үчүн (кудуретибизге) белгилер бар
25Жана ал айтты: «Силер дүйнө жашоосунда өз ара бири-бириңерди сүйүү үчүн, Аллаһтан башка буттарды (кудай кылып) кармадыңар. Кийин Кыямат Күнү болсо, бири-бирине каапыр (каршы) болушуп, наалат айтышат. Силердин жайыңар тозок жана силерге эч бир жардамчы болбойт
26Андан соң, (Ибрахимге агасынын уулу) Лут ыйман келтирди. Жана (Ибрахим) айтты: «Мен Раббим (буюрган) тарапка кетемин. Чынында, Ал (Аллайһ) -Кудуреттүү, Даанышман!»
27Жана Биз ага Исхак менен Яькубду белек (перзент жана небере) кылып бердик. Анын урпактарынын арасында пайгамбарлык жана Китеп (пайда) кылдык. Жана ага дүйнөдө өз сыйлыгын бердик. Ал Акыретте да салих кишилерден
28Жана Лутту (да пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал коомуна: «Силер өзүңөрдөн мурун өткөн ааламдардан эч ким жасабаган бузук ишти жасап жатасыңар
29Эркектерге (артынан) келе жатасыңар, жол тосуучулук кылып жатасыңар жана чогулган жериңерде күнөө иштерди жасап жатасыңар! (Каапыр, бузук, бачабаз) коомунун жообу: «Эгер чынчылдардан (пайгамбарлардан) болсоң, биздин үстүбүзгө Аллаһтын азабын түшүрчү!»-деген сөздөр гана болду
30(Анда Лут): «О, Раббим! Бузулган коомго каршы мага жардам бер!»-деди
31Биздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (перзент көрүшү жөнүндө) кушкабар алып келген учурда (ага): «Биз мына бул шаардын элин кыйратуучуларбыз. Чынында, анын элдери заалым болуп кетишиптир»- дешти
32«Ал шаардын ичинде Лут бар го!»-деди (Ибрахим). «Ал жерде ким бар экенин (сенден) жакшыраак билебиз. Биз Лут менен үй-бүлөсүн куткарабыз. Бирок, анын аялын гана куткарбайбыз. Ал кыйроочулардан болду
33Жана качан Биздин периште-элчилерибиз (сулуу жигиттердин түспөлүндө) Лутка келген учурда, булар себептүү жаман абалга түшүп, жүрөгү кысылды. Алар (Лутка өздөрүн таанытып): «Коркпогун жана капа болбогун. Биз сени жана үй-бүлөңдү — бир аялыңдан башкасын — куткарабыз. (Ал эми, аялың) кыйроого учурай тургандардан болду
34Албетте биз бул (бузулган) шаардын үстүнө, жасаган бузукулуктарынын жазасына асмандан азап түшүрөбүз»-дешти
35Биз ал шаардын (кээ бир жерлерин) акылдуу адамдарга (кудуретибизден) белги болсун деп жөн койдук
36Мадянга өз бир туугандары Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: «О, коомум! Аллаһка гана ибадат кылгыла! Акырет Күндөн үмүт кылгыла! Жана жер бетинде бузукулук менен аракеттенбегиле!»
37Бирок, аны «жалганчы» дешти. Ошондон соң аларды (катуу айкырык аралашкан) жер титирөө кармап, чөгөлөгөн бойдон кыйрап калышты
38(Ошондой эле) Аад, Самуд элдерин да (кыйраттык). Силерге алардын жашаган орун-дары(нын ойрондолгон издери) анык билинип турат. (Кыйраган себептери) шайтан аларга (бузук) иштерин кооздоп көргөзгөн жана (ак) жолдон тоскон. Жана алар акыл-эси жайында эле
39(Жана Биз) Каарун, Фираун, Хаамандарды да (кыйраттык). Аларга Муса анык аят-далилдер алып келген. Бирок, жер бетинде текеберленишти. Жана (баштарына Аллаһтын азабы келгенде) качып кутулуучулардан болбоду
40Бардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллаһ зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты
41Аллаһтан башка («кудайларды») дос-башчы туткан адамдардын мисалы (өзүнө ичке желелерден) үй куруп алган жөргөмүшкө окшойт.! Алар (мушриктер) эгер билсе, үйлөрдүн эң алсызы жөргөмүштүн үйү
42Албетте, Аллаһ алар дуба (ибадат) кылып жаткан башка «кудайларын(ын» алсыздыгын) билет. Жана Бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман
43Биз адамдарга мына ушул мисалдарды келтирдик. Аларды акылдуу инсандар гана түшүнөт
44Аллаһ асмандарды жана Жерди акыйкат менен жаратты. Чынында, бул нерседе ыймандуу адамдар үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар
45(О, Мухаммад!) Өзүңө вахий кылынган Китепти (Кураанды адамдарга) окуп бер жана намазды (калтырбай) орундат. Чынында, намаз бузук жана күнөө иштерден кайтарат. Аллаһты зикир кылуу эң улук нерсе. Аллаһ силердин эмне жасаганыңарды билип турат
46Силер (о, момундар) китеп элдери (яхудийлер, христиандар) менен талашып-тартышып калсаңар, эң жакшы (сөздөр) менен талашкыла. Ал эми, алардын арасынан (акыйкатка) зулум кылгандар (менен катуу-бекем талашкыла) Жана айткыла: «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн Кураанга жана силерге түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка, Инжилге) ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз жана силердин кудайыңар бир. Биз Ага моюн сунуучуларбыз»
47Ошентип, (о, Мухаммад!) сага Китеп түшүрдүк. Биз китеп түшүргөндөр (яхудийлер менен христиандар)да ал Китепке (Кураанга) ыйман келтиришүүдө! Тигилердин (араб мушриктеринин) арасында деле Кураанга ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызды каапыр адамдар гана четке кагат
48Сен Кураандан мурда эч бир китепти окуган эмессиң. Сен аны (китеп-катты) өзүңдүн оң колуң менен жазууну билген эмессиң. (Эгер сен окуу-жазууну билген болсоң) анда, кара ниеттер (Кураанды өзү жазып алган деп) шектенип калышмак
49Жок! Ал (Кураан) илимдүү кишилердин көкүрөгүндөгү анык-айкын аяттар! Биздин аяттарыбызды заалым адамдар гана четке кагат
50Жана алар (мушриктер): «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көз көрүнөө бир) аян-моожизалар келсе (гана ыйман келтирет элек)» дешет. Айткын: «Моожизалар Аллаһтын ыктыярында. Мен болгону, анык эскертүүчүмүн
51(О, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн Китеп аларга жетиштүү эмес бекен?! Аларга окуп берилүүдө го?! Чынында бул Китепте ыйман келтирген элдер үчүн ырайым жана акыл-насааттар бар
52(Сен аларга): «Мени менен силердин араңарда күбө, Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди билип турат. жалганга ыйман келтирип, Аллаһга каапыр болгондор... дал ошолор гана зыян тартуучулар» дегин
53«Азабыңды алып кел» деп сени шаштырып жатышат.! Эгер белгиленген мөөнөт болбогондо, аларга азап тез эле келмек. Жана аларга азап капысынан, (эч нерсени) сезбей турган маалда келип калат
54Сени шаштырып, азап сурап жатышат! Тозок каапырларды албетте, ороп алуучу
55Ал күнү аларды үстүнөн да буттарынын түбүнөн да азап ороп алат жана (Аллаһ): «Өзүңөр жасаган иштерди(н жазасын) тарткыла!» дейт
56О, ыймандуу пенделерим! Менин жерим кенен. Менин Өзүмө гана ибадат кылгыла
57Ар бир жан өлүмдү татуучу. (Өлүмдөн) кийин Бизге гана кайтарыласыңар
58Ыйман келтирип, салих (сооп) амалдарды жасаган адамдарды Биз Бейиштин эң мартабалуу орундарына жайгаштырабыз. Анын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүккө (жашап) калышат. (Салих) амал кылуучу адамдардын сыйлыгы кандай сонун
59Алар сабыр кылган жана Раббилерине тобокел кыла турган адамдар
60(Ааламда) өз ырыскысын таба албаган нечен-нечен жаныбарлар бар. Аларга да, силерге да Аллаһ ырыскы берет. Ал — Угуучу, Билүүчү
61Эгер сен алардан (араб мушриктеринен): «Асмандар менен Жерди ким жараткан жана Күн менен Айды ким (Өзүнө) моюн сундурган?» - деп сурасаң, «Аллаһ» - дешет. (Ошол Аллаһка сыйынбай ) дагы кайда кетип жатышат
62Аллаһ пенделеринин арасынан каалаганына кенен, каалаганына ченеп ырыскы берет. Аллаһ ар нерсени Билүүчү
63(О, Мухаммад!) Эгер сен алардан: «Асмандардан суу түшүрүп, аны менен, өлүк жерди тирилткен ким?»-деп сурасаң, албетте «Аллаһ»-дешет. Айткын: «Аллаһка мактоо болсун!» Жок! Алардын көпчүлүгү акылдарын иштетпей жатышат
64Бул дүйнө жашоосу оюн-зооктон башка (нерсе) эмес. Чыныгы жашоо — бул Акырет жашоосу, эгер билишсе
65Эгер алар кемеге минишсе (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллаһтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллаһ аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат
66Биз (нээмат кылып) берген нерселерге (ушинтип) шүгүрсүз боло беришсин жана (өткөөл, убактылуу жашоо жыргалдарынан) пайдаланып калышсын. Жакында (адашкандарын) билип алышат
67Алар (Макка мушриктери) ойлонушпайбы: Биз (алар жашаган шаарды) Харам (Анда талоончулук, адам өлтүрүү арам жана) тынч (шаар) кылдык. Алардын тегерегиндеги адамдар (Харамда жашабаганы себептүү) таланып-тонолууда. (Дагы эле) жалган(кудайлар)га ыйман келтирип, Аллаһтын нээматына каапыр боло беришеби
68(«Жаратканга бизди ортомчу-кудайлар жакындаштырат» деп) Аллаһка жалаа жапкан же болбосо, өзүнө келген Акыйкатты (Кураанды) жалганга чыгарган кишиден да көбүрөөк заалым (каапыр) адам барбы?! Тозокто каапырларга орун жок бекен
69Биздин жолубузда жихад кылган кишилерди Өз жолубузга баштап койобуз. Аллаһ (ар дайым) эхсан (жакшылык) кылуучулар менен
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath