26. Аш-Шуара
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Та. Син. Мим
2Булар анык Китеп аяттары
3(О, Мухаммад! Макка мушриктери) ыйманга келбегени үчүн балким, сен жаныңды алекетке салаарсың
4Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан моожиза түшүрө алабыз жана бул моожиза алдында алардын моюндары ийилип калат
5Аларга (мушриктерге) Рахман тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту
6Алар (Кураандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат
7Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык
8Мында (Аллаһтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат
9Чынында, сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу
10Жана (эстегин о, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Заалым коомдорго
11Фираундун коомуна баргын жана аларга: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы?» дегин»
12«О, Раббим, — деди (Муса), — алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун
13(Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн. (Ошондуктан агам) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер
14Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.? Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун»
15(Аллаһ) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин моожизаларды алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабаплар болуп) туруучубуз
16Баргыла дагы, «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз
17Исрайил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллаһтын элчилери Фираунга барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле..„)
18(Фираун мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (о, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го
19Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (египеттик букарабызды өлтүрүп) шүкүрсүз адамдардан болгонсуң!»
20(Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин)
21Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллаһ мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды
22Ал эми, сен мага колко кылган «камкордуктар» болсо, Исраил урпактарын кул кылып алганың себептүү болгон!»
23Фираун айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?»
24«Ал— асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса)
25(Фираун) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?»-деди (Мусаны шылдыңдап)
26(Муса): «Аллаһ силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди
27(Анда Фираун адамдарга) айкырды: «Чынында, силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!»
28(Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал Чыгыш менен Батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер»
29«(О, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди
30«Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?»-деди (Муса)
31«Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» -деди
32(Муса) аса-таягын таштады эле.., анык чоң жыланга айланып калды
33Колун (чөнтөгүнөн) сууруду эле көрүүчүлөрдүн көз алдында ап-апак (нурдуу) болуп калды
34«(О,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!»- деди (Фираун) тегеректеги адамдарына
35«Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?»
36(Сарай эли) айтышты: «Аны менен агасын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер
37Ал сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келсин»°
38Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту
39Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы
40Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек ажеп эмес!»
41Сыйкырчылар келип бүткөндө Фираунга: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти
42«Ооба — деди (Фираун) — анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар»
43Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла»
44Алар жиптерин аса-таяктарын таштап: «Фираундун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» -дешти
45Анан Муса дагы аса-таягын таштады эле... капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады
46(Бул Кудуреттүү Аллаһтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллаһка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)
47дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик
48Муса менен Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)»
49(Фираун ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын
50«(Мунун) зыяны жок — дешти сыйкырчылар — биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз
51Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз»
52Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» -деп вахий кылдык
53(Муса Исрайил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фираун шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди
54(Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар
55Биздин ачуубузга тийишти
56Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди
57Биз аларды (ушинтип) чыгардык, бак-бостондорунан, булактарынан
58(чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан
59Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исрайил урпактарына мурас кылып бердик
60(Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти
61Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» -дешти
62«Жок! — деди (Муса), — албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!»
63Анан Биз Мусага: «Аса-таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды
64Анан башкаларды (Фираун менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык
65Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык
66Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик
67Мында (Биздин кудуретибизге чоң) белги бар. Бирок көпчүлүк адамдар ыйман келтиришпеди
68Чынында, сенин Раббиң Бир Өзү гана Жеңүүчү, Ырайымдуу
69(О, Мухаммад) аларга (Кураандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер
70Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» -деди
71«Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» - дешти
72(Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы
73Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?»
74«Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти
75(Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү
76силер. Байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен)
77Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллаһ)
78Ал мени жаратты, анан Туура Жолго баштайт
79Жана Ал мени жедирет жана ичирет
80Оорусам, Өзү мага шыпаа берет
81Жана Ал менин жанымды алып (Кыяматта) мени кайра тирилтет
82Жана Кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын
83«О, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) салих адамдарга (пайгамбарларга) кошкун
84Жана мени(н ысымымды) акыркылардын ыраскөй тилдеринде (дубаларында) кылгын
85Жана мени Наим Бейишинин мураскорлорунан кылгын
86Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды
87(Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан жан бериле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!»
88Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт
89Бир гана, Аллаһка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын амалы гана пайда берет)
90Такыбалуу кишилерге Бейиш жакын келтирилди
91Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү
92Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды
93Аллаһты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!»
94Анан ага (тозокко) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар
95жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери
96Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти
97«Аллаһка ант, биз анык адашууда болуптурбуз
98Биз (о, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине тең-шерик кылыптырбыз
99Бизди күнөөкөр чоңдорубуз гана адаштырды
100Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды
101Жана бизге (пайда берүүчү эч бир) кадырман дос да жок
102Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана момундардан болуп калсак!»
103Албетте бул аяттарда сабак бар. Бирок адамдардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады
104Жана сенин Раббиң (о, Мухаммад), Бир Өзү гана Жеңүүчү, Боорукер
105Нухтун коому дагы пайгамбарларды! жалганчыга чыгарды
106Бир кезде аларга өз бурадарлары Нух (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы
107Мен силер үчүн (Аллаһ тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун
108Эми, Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула
109Мен даават кылганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши
110Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула!»
111«Сага ыйман келтиребизби?! Сага акылы төмөн, кедейлер гана ээрчигенго!»-дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар)
112(Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин
113Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет
114Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин
115Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн»
116«Эй, Нух! Эгер дааватыңды токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган манаптар)
117(Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды
118Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мен менен бирге болгон момундарды куткар!»
119Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык
120Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик
121Албетте, мында (Биздин кудуретибиздин) белги(си) бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйманга келбей коюшту
122Албетте, сенин Раббиң Кудуреттүү, Ырайымдуу.”
123Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди
124Бир кезде аларга өз бурадарлары Худ айтты: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы
125Мен силер үчүн жиберилген ишеничтүү пайгамбармын
126Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула
127Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
128Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө оюн-эрмегиңердин белгисин! кура бересиңерби
129(Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар
130Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, зулумдук менен көргөзөсүңөр
131Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула
132Силерге өзүңөргө белгилүү нээмат-сыйлыктарды берген Аллаһтан корккула
133Ал силерге чарба малдар, перзенттер
134Бак-бостондор жана булактарды берди
135Мен силердин башыңарга Улук Күндүн (Кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун
136(Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок
137Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден нээмат эмей эле) абалкылардын салты
138Жана биз (Кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз»
139(Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады
140Чынында, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттү, Ырайымдуу
141Самуд эли дагы пайгамбарларды! жалганчы кылды
142Бир кезде аларга өз бурадарлары Салих айтты: «(Аллаһтан) корксоңор болбойбу
143Мен силерге жиберилген ишеничтүү пайгамбармын
144Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула
145Мен дааватым үчүн силерден сооп-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
146Силер бул жердеги нээмат-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер
147Бактардын, булактардын ичинде
148Эгиндердин жана жагымдуу курмалардын ичинде
149(Эч нерсени ойлобой) шат-курсант абалда тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар
150Эми, Аллаһтан корккула жана менин айткандарымды аткаргыла
151Ысырапкорлордун сөзүнө (жолуна) моюн сунбагыла
152Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар»
153(Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың
154Өзүбүзгө окшогон эле адамсың! Эгер («мен-пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (моожиза) көргөзчү?»
155(Салих аларга Аллаһ таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силер үчүн моожиза. Эми, кудуктан кезек менен) силерге (бир күн), ага (да бир күн) белгилүү суу ичүү күнү болсун
156Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди Улук Күндүн азабы кармайт!»
157Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты
158Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү момун болушпады
159Албетте, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу
160Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди
161Бир кезде аларга бурадарлары Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллаһтан) коркпойсуңарбы
162Мен силерге ишенимдүү пайгамбармын
163Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула.»
164Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
165(О, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектерге (жыныстык байланыш үчүн) келесиңерби
166Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!!!»
167«О, Лут! — дешти (каапырлар) — эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!»
168(Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем
169О, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!»
170Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык
171Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык
172Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык
173Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман
174Бул окуяда (кудуретибизге) белги(лер) бар. Бирок алардан көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады
175Чынында (О, Мухаммад), Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу
176Калың бак-бостон элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти
177Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллаһтан) коркпойсуңарбы
178Мен силерге анык пайгамбармын
179Эми Аллаһтан коркуп, мага моюн сунгула
180Мен силерден ал (дааватым) үчүн акы сураганым жок. Менин сыйлыгымды Ааламдардын Раббиси берет
181(О, коомум!) Өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула
182Туура тараза менен тарткыла
183Адамдардын нерселерин тонобогула!! Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө
184Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллаһтан корккула
185(Каапырлар) айтышты: «Сен (оо, Шуайб) сыйкырланып калгансың го
186Биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз ойлойбуз: Сен бизди алдап жатасың
187Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи
188(Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет
189Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады!? Бул Улук Күндүн азабы болчу
190Албетте мында чоң сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү момун болушпады
191Жана сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү Ырайымдуу
192Ал (Кураан) Ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн
193Аны ишенимдүү Рух (Жебирейил периште) алып келди
194сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) бири болушуң үчүн
195(Ал) анык араб тилинде (түшкөн)
196Албетте, ал абалкылардын ыйык Китептеринде да эскертилген
197Аны Исрайил урпактарынын (яхудийлердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу
198Эгер Биз аны араб эмес адамдардан кээ бирине түшүрсөк
199жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес
200Биз Кураанды күнөөкөр адамдардын жүрөгүнө мына ушинтип (түшүнсө да, түшүнбөсө да «жалган» деп кежирлене бере турган кылып) жолдодук
201Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт
202Азап болсо аларга камырабай турганда, капыстан келет
203Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат
204Биздин азапты шаштырып жатышабы
205Айтчы (о, Мухаммад!) Эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак
206Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе
207ошол пайдалантырылган нерселердин аларга кереги тиймек эмес
208Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон
209(Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук
210Аны (Кураанды) жин-шайтандар түшүргөн эмес
211Аларга (Кураан түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт. (Анткени)
212Алар аны угуудан үзүп коюлган
213Аллаһка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың
214Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок-азабынан) коркут
215Өзүңө ээрчиген момундарды канатыңа калкала
216Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден тазамын» -дегин
217Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл
218Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт
219Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт)
220Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү
221(Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби
222Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт
223Алар (аны) угушат. Алардан көпчүлүгү жалганчылар
224Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт
225Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең
226Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат)
227Ыйман келтирип, салих амалдарды жасап, Аллаһты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, заалым (каапыр) адамдар жакында кайсы дарекке барышаарын билип алышат
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath