Ислам
артка

25. Аль-Фуркан

Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү

1Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине ( Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Кураанды) түшүргөн Аллаһ Улук-Берекеттүү

2Аласмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат

3(Мушриктер болсо) Андан (Аллаһ Тааладан) башка, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты

4Каапырлар (Кураан жөнүндө): «Бул — жалган! Аны (Мухаммад) өзү ойлоп чыгарган жана ага башкалар жардам беришкен» деп, (акыйкатка) зулумдук кылышты жана жалган күбөлүк беришти

5Жана «Бул байыркылардын жомогу, аны (Мухаммад) жаздырып алган жана алар ага эртели-кеч (бирөөлөр тарабынан) айтып турулган» дешти

6(О, Мухаммад, аларга) айткын: «Аны (Кураанды мага) асмандардагы жана жердеги (бардык) сырды билген Зат (Аллаһ) түшүрдү. Ал Кечирүүчү, Ырайымдуу»

7(Мушриктер) айтышты: «Бул эмне деген пайгамбар болду-ыя?! Тамак-аш жейт, базарларда жүрөт?! Эгер ага, аны менен бирге (элдерди) эскертүүчү бир периште түшүрүлсө

8же ага (асмандан) казына ташталса, же болбосо, андан жей турган бак-бостону болсо.., (бул башка кеп) Заалым (каапыр) болгондор (дагы): «(О, адамдар) силер сыйкырланган кишиге ээрчип жатасыңар!» -дешти

9Карачы (о, Мухаммад!) алар сага кандай мисалдарды келтирип (эмнелерге окшотуп) жатышат. Алар адашып кетишти! Эми (эч качан туура) жолду таба алышпайт

10Эгер кааласа сага мындан да жакшыраак, түбүнөн дарыялар агып турган бактарды жана (бийик, кооздолгон) сарайларды жасап бере ала турган Аллаһ Улук-Берекеттүү

11Жок! (Каапырлар) Кыяматты (тап-такыр) жалганга чыгарышты! Бирок, Биз Кыяматты «жалган» дегендерге тозокту даярдап койгонбуз

12Тозок аларды алыс жерден көргөндө эле, анын (тозоктун) ачууланып айкырганын угушат

13Анан алар тозоктун (ортосундагы) тар жерге, кишенделген абалда ташталганда, ошол жерде өздөрүнө өлүм тилеп калышат

14Ал Күнү өлүмдү бир жолу эмес, көп жолу чакырасыңар

15(Ошондо, о, Мухаммад) сен аларга «Ушул жакшыбы же такыба кишилерге убада кылынган түбөлүк Бейиш жакшы беле?» деп айткын. Ал (Бейиш) такыба адамдардын кайта турган (түбөлүк) жайлары жана сыйлыктары

16Ал жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. (Алар анда) түбөлүккө калышат. (Бул) Раббиң Өз милдетине алган жоопкерчиликтүү убада болчу

17(Аллаһ) аларды жана алар ибадат кылган Аллаһтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер азгырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт

18Алар айтышат: «Сен (О, Жараткан, шериги жана баласы бар болуудан) Тазасың! Сенден башканы Дос-Рабби кылуу бизге ылайык эмес! Бирок, Сен аларды жана алардын ата-бабаларын (дүйнөдө көп байлык менен) пайдалантырган элең, натыйжада зикирди (Сени эстөөнү) унутушту жана (бизди сага шерик кылып алышып) өлүмгө (тозокко) ылайык болуп калышты!»

19(Эй, Мушриктер! Мына, «кудайыңар») силер айткан сөздөрдү «жалган» деди. Эми силер (өзүңөрдөн азапты) буруп жиберүүгө да («кудайыңардан») жардам алууга да жетише албайсыңар. Силерден ким (акыйкатты четке кагып) зулумдук кылган болсо, ага чоң азапты таттырабыз

20(О, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө фитна-сыноо кылып койдук.! (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы? Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү

21Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)»-дешет.! Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен

22Периштелерди көргөн ошол (Кыямат) Күнү, күнөөкөр адамдарга жакшы кабар болбойт. (Аларга периштелер:) «(Силер үчүн Бейиш) тап-такыр арам!» -дешет

23Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны чаң-тозоң кылып (сапырып) таштадык

24Ошол Күнү (Аллаһка ыйман келтирип, салих амал кылган) Бейиш ээлери эң сонун орундарда, эң мыкты эс алуу жайларында болушат

25Жана булуттуу асман жарылган жана периштелер сап-сап абалында түшүрүлгөн Күнү

26Дал ошол (Кыямат) Күнү чыныгы мүлк-бийлик Рахманга (Аллаһка) гана таандык болот. Жана ал күндө каапырларга оор болот

27Ал Күнү заалымдар (каапырлар) эки колун(ун манжаларын) тиштеп: «Атаганат, (дүйнөдө) пайгамбар менен (бир) жолду кармаган болсом кана

28Шорум курусун-ай! Баланчаны! дос кылбай эле койсом болмок экен

29Ал мени, мага келген зикирден (Кураандан) адаштырды! Шайтан инсанды жардамсыз таштап коёт турбайбы!» дешет

30Пайгамбар (Мухаммад) айтты: «О, Раббим! Менин коомум (Курайш) мына бул Кураанды (арттарына) таштап коюшту»

31Ошондой. Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөр адамдардан душман кылып койдук. Бирок, жол башчы жана жардамчы болууга Раббиңдин Өзү жетиштүү

32Каапырлар «Эгер Кураан (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен»-дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Кураандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.”

33Алар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Кураанды) жана (анын аяттары үчүн) эң жак-шы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз

34(Периштелер тарабынан) жүздөрүн (жерге) ышкап, тозокко чогултула турган адамдар.., ошолор гана эң жаман орундагы, эң адашкан жолдогу адамдар

35Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана агасы Харунду аны менен бирге: ага вазир кылдык

36Анан: «Экөөң Биздин аяттарыбызды жалган деген (каапыр) коомго бар(ып аларды динге даават кылгыла)» дедик. (Экөө буйрукту аткарып, Фираун жана анын коомуна барып, аларды ыйманга чакырды. Бирок алар текеберленип, акыйкатты жалганга чыгарганда) аларды (деңизге чөктүрүп) бирин калтырбай кыйраттык

37Нухтун коомун дагы пайгамбарларды! «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып (Ошолорго жана алардын жолун жолдогон) заалымдарга жан ооруткан азап даярдап койдук

38Аад, Самуд (элдерин), «кудук ээлерин» жана ушулардын аралыгындагы (башка) көп муундарды (каапырчылыгы себептүү кыйраттык)

39Биз алардын баарына мисал-далилдерди келтиргенбиз (моюн толгогондон кийин гана) бардыгын кырып-жоюп жибердик! (Кырылган элдерден бири Лут пайгамбардын коому болчу. Алардын башына таш жамгыры жаап кыйраган)

40Алар (Макка мушриктери) балээ (таш) жамгыры жаадырылган шаарга келген эле го! Эмне, аны(н кесепеттерин) көрбөй жатышабы?! Жок, (көрүшкөн, бирок) алар кайра тирилүүгө ишенишпейт

41Эгер алар сени көрүшсө, келеке кылышып: «Аллаһ пайгамбар кылып жиберген (баякы неме) ушулбу

42Ал бизди кудайларыбыздан азгырып жибере жаздабадыбы! Эгер бир аз аларга (кудайларыбызга) сабыр кылып турбаганда (азгырып жибермек экен)»-дешти. Жакында (тозоктогу) азапты өз көздөрү менен көргөн кезде ким Туура Жолдон адашуучурак экенин билип алышат

43(О, Мухаммад!) Өзүнүн каалоосун кудай кылып алган адамды(н бул айткандарын) карабайсынбы! Эми сен ага өкүл (көзөмөлдөөчү) болосуңбу

44Же болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Айбандан да адашуучураак

45(О, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (Жер бетине) кантип көлөкөнү (таңкы караңгылыкты) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага Күндү далил? кылдык

46Кийин Биз акырындык менен аны (таңкы көлөкөнү) жыйнап алабыз

47Ал силерге түндү кийим, уйкуну ырахат (эс алуу) кылып койду. Жана эрте мененки убакытты тирилүү (учуру) кылды

48Жана Ал Өз ырайымынын (жамгырдын) астынан, кубаныч кабарчысы катары шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан таза суу түшүрдүк

49аны менен өлүк шаарларды тирилтүү үчүн жана Өзүбүз жараткан көп адамдар менен айбандарды сугаруу үчүн

50Биз аны (Кураан аяттарын) алардын арасында ар түрдүү (ыкмалар менен) баян кылдык, акыл-насаат алуулары үчүн. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырлыктан башкасына ыраазы болушпады

51Эгер кааласак Биз ар бир шаарга (бирден) эскертүүчү-пайгамбар жибермекпиз

52(О, Мухаммад!) Каапырларга моюн сунба жана аларга (Кураан) менен чоң жихад кыл

53Ал (Аллаһ) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (көрүнбөгөн) тосмо жана бекем-бышык парданы жаратты

54Ал адамды суудан жараткан жана аны тууган-урук, куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң (ар нерсеге) Кудуреттүү

55Алар (мушриктер) Аллаһтан башка өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган «кудайларга» ибадат кылышат. Каапыр (жараткан) Раббисине каршы (жасалма кудайларга) жардамчы болду

56Биз сени (Бейиштен) кушкабар, (тозоктон) коркунучтуу кабар берүүчү кылып гана жибергенбиз

57Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун)

58Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллаһ Таалага) тобокел кыл, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар

59Ал асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду!. Ал — Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет)

60Эгер аларга (мушриктерге) «Рахманга сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Рахман эмне? Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт

61Асмандагы (түркүм) жылдыздарды жараткан Аллаһ Улук-Берекеттүү болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты

62Жана Ал зикир кылууну же шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.”

63Рахмандын пенделери... алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат

64Алар түн ичинде! Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат

65Алар «О, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс

66Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!)» - дешет

67Алар эгер (дин жолунда) садака-ихсан кылса ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда турушат

68Алар Аллаһтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллаһ өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зынаа-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллаһтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат

69Ага Кыямат Күнү (тозокто) үстөккө-босток азаптар берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат

70Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..,Аллаһ алардын жамандыгын жакшылыкка алмаштырат.! Аллаһ-Кечиримдүү, Ырайымдуу

71Жана кимде-ким тообо кылып, салих амал кылса, ал Аллаһка (Аллаһтын жолуна) чындап кайтыптыр

72Жана алар (Рахмандын пенделери) жалган күбөлүк беришпейт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт

73Аларга Раббилеринин аяттары угузулса, дүлөйлүк, сокурлук менен жыгылышпайт. (Түшүнүп, аң-сезимдүүлүк менен кабыл алышат)

74Алар: «О, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет

75Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (Бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана саламдар, ширин сөздөр менен күтүп алынат.”

76Алар анда түбөлүк калышат. Жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун

77(О, Мухаммад!) айткын: «Эгер дубаңар гана болбосо, Аллаһ силерди баалабайт.! Себеби силер (динди, Кураанды) жалганга чыгардыңар! Жакын арада силерге (азап) жабышып келет

булак: Shams Al Din Hakimov

WEBREATH · 11:11

«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7

Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.

WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath