14. Ибрахим
Сиздин тилиңизде азырынча котормо жок — англис тилин көрсөтүү
1Алиф, Лам, Ра. (О, Мухаммад), Биз бул Китепти сага, адамдарды, Раббисинин уруксаты менен караңгылыктардан Нурга — Жеңүүчү жана Макталган Аллаһтын жолуна чыгарышың үчүн түшүрдүк
2Аллаһ(тын кудуреттүүлүгү) ушундай: асмандардагы жана жердеги нерселер Анын мүлкү. Каапырларга катуу, азаптуу өлүм болсун
3Алар дүйнө жашоосун Акыреттен жогору сүйүшөт, (адамдарды) Аллаһтын жолунан тосушат жана аны ийри жолго айлантууну каалашат. Андайлар терең адашууда
4Бизар бир пайгамбарды, өз элинин тили менен гана жибердик, аларга (дин эрежелерин түшүнүктүү) баян кылып бериши үчүн. Кийин Аллаһ Өзү каалаган пендесин Туура Жолго баштайт жана каалаганын адаштырат. Ал - Кудуреттүү, Даанышман
5Биз Мусаны Өзүбүз берген моожизалар менен (пайгамбар кылып) жиберип: «Коомуңду караңгылыктардан Нурга чыгаргын жана аларга Аллаһтын күндөрүн эстеткин. Албетте мында сабырдуу, шүгүр кылуучу адамдар үчүн үлгү-сабактар бар» — дедик
6Эстегин (о, Мухаммад, ошондо) Муса коомуна мындай деди: «Аллаһтын силерге берген нээматтарын эстегиле: Ал силерди Фираун жана анын адамдарынан куткарды. Алар уул перзентиңерди союп, кыз перзентиңерди тирүү калтыруу менен башыңарга катуу азап салган. Ушунда Раббиңер тарабынан чоң сыноо бар эле
7«Дагы бир кезде Раббиңер силерге: «Эгер (Менин нээматыма) шүгүр кылсаңар силерди(н нээматты) көбөйтөмүн. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу»-деп жарыялаган
8Жана Муса айтты: «Эгер силер жана (силерге кошулуп) жер жүзүнүн бардык жамааты капыр болсо да, Аллаһ Беймуктаж жана мактоого ылайык
9Силерге өзүңөрдөн мурункулардын: Нух коомунун, Аад, Самуд коомдорунун жана алардан кийинки коомдордун кабары келбедиби? Аларды Аллаһтан башка эч ким билбейт болчу. (Кийин Аллаһ алар жөнүндө кабар берди:) Аларга Пайгамбарлары анык далилдер алып келгенде, колдорун оозуна (керней кылып) коюушуп: «Биз силерге жиберилген динге каапыр болдук: Биз силер даават кылып жаткан нерселерден шектенүүдөбүз!» — дешти
10(Анда) пайгамбарлары: «Асмандар жана жерди жараткан Аллаһта шек бар бекен?! Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү убакытка чейин (ушул дүйнөдө) калтырууга чакырып жатат! дегенде, алар айтышты: «Силер пайгамбар эмес, биз сыяктуу эле (жөнөкөй) адамсыңар. (Дагы) бизди ата-бабаларыбыз сыйынып келген нерселерден тосууну каалап жатасыңар! (Эгер сөзүңөр чын болсо) бизге анык далилдерди (моожизаларды) келтиргиле!»
11«Аларга пайгамбарлары айтты: «(Туура). Биз деле силер сыяктуу адамбыз. Бирок, Аллаһ пенделеринен Өзү каалагандарына (мындай) нээмат берет. (Анан), силерге далил-моожизаларды келтириш биздин ыктыярда эмес. Аллаһ кааласа гана келтире алабыз. Момундар Аллаһка гана тобокел кылышат
12Эмне үчүн биз Аллаһка тобокел кылбайт экенбиз?! Ал бизди (Өзү берген) Туура Жолубузга баштап койду. (Биз бул жолдон кайтпайбыз, эгер азап көрсөтсөңөр) азабыңарга бекем сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллаһка гана тобокел кылсын!»
13Каапыр болгондор пайгамбарларына: «Силерди жерибизден чыгарып жиберебиз, же болбосо, (ата-бабадан калган, эски) динибизге кайтасыңар! (Экөөнөн бирин тандагыла)»-дешти. Андан соң, Раббиси пайгамбарларга: «Биз сөзсүз заалымдарды (каапырларды) жок кылабыз
14жана алардан кийин (мурас калган) жерге силерди жашатып койобуз! Бул (убада Кыяматта) Биздин алдыбызда (эсеп берип) туруудан жана (күнөөлүүлөргө арнаган) убадаларымдан корккон адамдар үчүн» деп вахий (кабар) кылды
15(Момундар) жеңиш сурашты. Ал эми (акыйкатка) зулумдук кылуучу жана (өз каапырчылыгында) өжөрлүк менен туруучу ар бир адам зыянга жолукту
16(Мунун себеби,) анын артында тозок. (Тозокто) ага кайнак ириң ичирилгенде
17(суусагандан улам) ичкенге аракет кылат, бирок иче албайт. Ар тараптан өлүм(гө тете азаптар) келет бирок, өлө албайт. Анын артынан (андан да) катуу азап бар
18Раббисине каапыр болгон адамдар жасаган иштердин! мисалы -бороондуу күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Алар өздөрү жасаган иштерден эч бир (пайдалуу) нерсеге жетише албайт. Бул — абдан алыс адашуу
19(О, инсан!) Сен, чынында Аллаһ асмандар жана жерди акыйкат менен жаратканын билбедиңби?! Эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы калкты алып келет
20Бул Аллаһка оор эмес
21(Кыяматта Сур кернейи тартылганда) бардык адамдар (мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгып) Аллаһтын алдында тизилип калышат. Ошондо, (бул дүйнөдө) алсыз (моюн сунуучу) болгондору, текебер (каапыр) башчыларына: «Чынында, биз силерге ээрчиген элек, бүгүн Аллаһтын азабынан бизди бир аз болсо да куткара аласыңарбы?» - дешкенде, алар айтышат: «Эгер бизди Аллаһ Туура Жолго баштаганда, биз да силерди Туура Жолго баштайт элек. Эми, (болор иш болду) биз чыдамсыздык кылабызбы же сабырдуу болобузбу, (баары бир) бизге эч бир кутулуу жок!»
22Иш чечилип, (тозокулар — тозокко, бейишилер — бейишке ажырап) калганда шайтан айтат: «Аллаһ силерге чын убада берген болчу.! Мен дагы силерге убада берип... аткарбай койдум.* Силерге (көргөзгүдөй) менин эч бир далилим жок эле. Болгону, мен чакырдым, силер чуркап келдиңер. Эми, мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. (Бүгүн башка түшкөн азаптан) мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Бирок, мурун (дүйнө жашоосунда) мени (Аллаһка) шерик кылганыңарды мен да мойнума албаймын (мен кудай эмесмин, Кудайдын шериги да эмесмин) Чынында, (бул жерде мен жана силерге окшогон) заалымдарга кыйноочу азап бар»
23Ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизилет. (Алар) анда Раббисинин уруксаты менен түбөлүк калышат. Алардын Бейиштеги учурашуулары «салам» (деген сөз) болот
24(О, инсан), Аллаһ таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры (жер койнунда) бекем, бутактары болсо, асманда
25Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллаһ адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн (ушундай) мисалдарды келтирет
26Ыпылас сөздүн (каапырчылыктын) мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыпылас (мөмөлүү) даракка окшош
27Аллаһ ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосунда да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт.! Заалымдарды болсо, Аллаһ адаштырат. Аллаһ каалаган нерсесин жасайт
28(О, инсан!) Аллаһ берген нээматты (Исламды) каапырчылыкка алмаштырып, эл-журтун өлүм үйүнө —
29өздөрү ташталчу Тозокко ээрчитип баргандарды көрбөйсүңбү? Ал кандай жаман орун
30Алар адамдарды Аллаһтын жолунан тосуу үчүн Аллаһка (башка «кудайларды») теңдеш кылышкан. (О, Мухаммад, аларга) Айткын: «(Адашуучулук жашооңордо бир аз) пайдаланып калгыла. Силердин бараар жериңер — Тозок!»
31Менин ыймандуу пенделериме айт, намаздарын окуп, тааныш— билиштиги жана соода-келишими жок болгон (Акырет) Күн келгенге чейин, Биз ырыскы кылып берген нерселерден жарыя же жашыруун түрдө садака кылып калышсын
32Аллаһ асмандар менен жерди (алты күндө) жаратып, асмандан сууну түшүрдү. Кийин аны менен силерге ырыскы болсун деп, мөмөлөрдү чыгарды. Жана Өз амири менен деңизде жүрүшүңөр үчүн силерге кемени моюн сундурду. Дарыяларды да силер үчүн кызмат кылдырып койду
33Ал жана силер үчүн токтоосуз аракеттеги Күн менен Айды, түн менен күндүздү моюн сундурду
34Жана силерге, (силер) муктаж болгон бардык нерселерди берди. Эгер Аллаһтын нээматтарын санасаңар бүтүрө албайсыңар. Чынында, инсан өтө заалым, өтө шүгүрсүз
35(О, Мухаммад) Эстегин, (бир кезде) Ибрахим айтты: «О, Раббим! Бул шаарды (Макканы) тынч шаар кыл! Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл
36О, Раббим! Чынында, алар (буттар) көп адамдардын адашуусуна себеп болушту. Ким мени ээрчисе (жалгыз Аллаһка ибадат кылса) — ал менден. Ким мага (менин жолума) каршы чыкса, Өзүң Кечирүүчү, Ырайымдуусуң
37О, биздин Рабби! Мен балдарымдан (бир бөлүгүн) Сенин Аль Харам Үйүңдүн алдындагы эгин өспөгөн өрөөнгө жайгаштырдым. О, Раббим (ошол жерде) алар намаз окушса экен! Эми, Өзүң адамдардын жүрөктөрүн аларга умтулуучу кыл! Жана аларды (ар кандай) мөмөлөрдөн ырыскыландыр! Ажеп эмес (ошондо) шүгүр кылышса
38О, Раббим! Албетте, Сен биз жашырган нерсени да, ашкере кылган нерсени да билесиң! Аллаһтан не жер, не асмандардагы эч бир нерсе жашыруун эмес
39Мага картайган курагымда Ысмайыл менен Исхакты берген Аллаһка (чексиз) мактоолор болсун! Чынында, менин Раббим дуба-тилекти Угуучу
40О, Раббим! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу(лардан) кыл! О, биздин Раббибиз! Дубаны кабыл кыла көр
41О, биздин Рабби! Эсеп күнү келгенде, менин, ата-энемдин жана (жаамы) ыймандуу адамдардын күнөөсүн кечир
42(О, Мухаммад), сен Аллаһты заалымдардын кылмышынан бейкапар деп ойлобогун. Болгону, аларды(н жазасын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (Кыямат) Күнгө чейин кечиктирүүдө
43(Ошол күндө) алар баштары өйдө көтөрүлгөн абалда (эсеп бергени) чуркап барышат. Көздөрү (катып калгандан улам) өздөрүнө кайтпайт жана ичтери көңдөй
44Сен адамдарды азап келе турган Күн менен коркут. Ошондо, зулум кылган адамдар: «О, Рабби, бизди бир аз мөөнөткө кечиктире турчу, чакырыгыңа жооп берип, пайгамбарларга моюн суналы» дешет. (Кийин аларга мындай жооп берилет: «Эй, каапырлар!» Өлүм келээрден) мурда «биз өлбөйбүз» деп ант ичпедиңер беле
45Жана өздөрүнө зулум кылган (жана Биз аларга азап жиберген) адамдардын мекендеринде жашабадыңар беле?! Биз аларды кандай жазалаганыбыз силерге маалым эле го? Силерге мисалдарда келтирген элек
46Алар (динге каршы көп) айлакерликтерин жасашты. Эгер айлакерликтери тоону омкоруп жиберүүчү болсо да Аллаһтын алдында (белгилүү)
47Сен Аллаһ Өзүнүн пайгамбарларына («заалымдардан өч алабыз» деп) берген убадасын аткарбайт экен деп ойлобогун! Аллаһ Кудуреттүү жана өч алуучу
48(Анын өч алышы) жер башка жерге, асмандар башка асмандарга айланган жана (адамдар) Жалгыз, Каардуу Аллаһка жекеме-жеке жолуга турган күндө (ишке ашат)
49Сен ал күндө кылмышкерлерди (оттон жасалган) кишендер менен (чогултуп) байланганын көрөсүң
50(Ал күндө) Алардын кийимдери кара майдан болот жана жүздөрүн от ороп турат. Бул азаптар Аллаһ тарабынан зулум эмес, тескерисинче
51Аллаһ ар бир жанды кылмышына жараша жазалоосу үчүн. Чынында, Аллаһ тез эсептешүүчү
52Бул (Кураан) адамдарга арналган кемчилдиксиз Баян! Эми, ал себептүү (жаман ишинин акыбетинен) сестенишсин, Анын Жалгыз Кудай экенин билишсин жана акылдуу адамдар андан үлгү-сабак алышсын
булак: Shams Al Din Hakimov
WEBREATH · 11:11
«If you are thankful, I will give you more» — Quran 14:7
Breath is one for all: everyone lives by it, whoever they are and whatever they believe. Every day at 11:11 local time people stop for sixty seconds, breathe, and thank GOD for the breath — each in their own words, each within themselves. In that minute we are One Breath.
WEBREATH — the Minute at 11:11, your own local time — we are One Breath